Ароморфоз (гр. airo - көтөрөм, morphosis - үлгү) – организмдин түзүлүшүнүн жана аткарган кызматынын прогрессивдүү эволюциялык кайрадан түзүлүүсү. А. организмдин морфофизиологиялык прогрессине алып келет. А. жөнүндөгү концепция 1925-ж. А. Н. Северцов тарабынан иштелип чыккан. Бул термин менен эволюциянын багыты катары морфофизиологиялык прогресс эсептелген. А. термини кээ бир убакта арогенез деген түшүнүк менен да берилип жүрөт. А-дун жыйынтыгында организмдерде курчап турган чөйрөнүн ресурстарын пайдалануунун жаңы сапаттык жөндөмдүүлүктөрү пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү