Арпа мөңгүсү
Арпа мөңгүсү – Ички Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Фергана тоотиз мегинин түндүк-чыгыш капталында. Узундугу 3 км, аянты 3,3 км2. Жылаңач менен Кичи Каракамандын (Арпанын оң куймалары) аралыгындагы өзөндүн төрүндө жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4600 м, этеги 3640 м бийикте жатат. Көптөгөн жаракалар менен тилмеленген. Үстүнкү бетинин 30–50%тейи мореналар менен капталган. Мөңгүдөн башталган суу Арпага сол жактан куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|