Арсениттер
Арсениттер – мета, орто жана пиро-мышьяктуу к-талар HAsO2, H3AsO3, H4As2O3, туздары. А. – уулуу заттар. Щелочтуу металлдар менен аммоний А. гана сууда эрийт. Калган А. к-тада эрийт. А.- күчтүү калыбына келтиргичтер. Алар As 2O3 металлдар оксиддери, карбонаттары менен аракеттенишүүсүнөн алынат. Кальций, натрий А. айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин жок кылууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|