Арсен Эралиев

Кыргызстандык спортчу жана грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери

Арсен Эралиев - 1987-жылы 15-майда Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында туулуп-өскөн.Кыргыз балбаны Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Арсен Эралиев

Арсен Эралиев (көк түстөгү) Рио 2016 Исмаэля Боррерого каршы чабуулда
Жеке маалыматы
Жынысы

Эркек

Толук аты-жөнү

Эралиев Арсен Кадырбаевич

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Грек-рим күрөшү

Төрөлгөн датасы

15 -май 1987(1987-05-15) (36 жаш)

Төрөлгөн жери

Талас облусу, Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы, Кыргызстан

Бою

168 см

Салмагы

59 кг

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери

Arsen Eraliev

Карьерасы түзөтүү

Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Арсен Эралиев 2006-жылы Таиланддын борбору Бангкокто өткөн уландар арасындагы Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан. 2007-жылы Филиппин өлкөсүнүн Манила шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, чемпион аталган. 2007-жылы Кытайдын Бээжин шаарындагы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло байгелүү болгон. 2008-жылы Түркиянын Стамбул шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга арзыган. 2011-жылы Ташкенттеги чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда 55 кг салмакта чемпион аталып, алтын медаль тагынган. 2011-жылы Польшанын Рада шаарында эл аралык турнирде 1-орунду ээлеген.

Арсен Эралиев Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, ошондой эле 2011-жылы Азиянын чемпиону болсо, 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиада оюндарына катышып келген.

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү