Арстанбап шаркыратмасы - Бабашата кырка тоосундагы Арстанбап (Карүңкүрдүн оң куймасы) суусунда. Арстанбап кыштагына жакын, тоонун этек жагындагы тик аскадан агып түшөт. Мында эки (Чоң жана Кичи арстанбап) шаркыратма бар. Чоң шаркыратманын жалпы бийиктиги 200мдей, үч баскычтан турат. Суу аскада эки жак бети жалама зоолу кууш каньонду пайда кылат. Кооздугу жагынан Кичи шаркыратма айрыкча көңүлдү бурат.; бийиктиги 20мдей. Чачыраган майда суу тамчылары күн нуруна чагылышып, көкжеле пайда кылат. Аскалардын бети жашыл эңилчектер менен капталган. Ал шаркыратма айланасындагы табигый кооздуктун (мөмө–жемиш токою жана башкалар) көркүнө көрк кошуп турат. Мурунку убакта шаркыратмалар, айрыкча динчилердин зыярат кылган ыйык жери болсо, азыр туристтердин, эс алуучулардын сүйгөн жайына айланып калды.

Арстанбап шаркыратмасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү