Жемиштер. Жапайы, эгилме, бадал жана чөп өсүмдүктөрдүн жемиштеринин даамы жакшы, тамак сиңирүүнү жакшыртуучу витамин, клетчатка, кант, органикалык кислота жана пектин заттарына бай. Ичегидеги чиринди заттарды бөлүп чыгарууга жардам берүүчү пектин заты

  • Дан куурайда 0,5 — 0,9%,
  • Бүлдүркөндө 0,4—1,6%,
  • Карагатта 0,2—0,8% болот.
Жемиштер
Барселондогу Бокерия базарынын эң көп түрлүү жемиштери.

Жемиштердеги клетчатка тамак сиңирүү органынын мотордук жана секрет иштеп чыгуу функциясына таасир этип, организмден ашык холестериндин бөлүнүшүнө жардам берет. Органикалык кислоталардан алма кислотасы бардык жерде болот; клюквада — лимон кислотасы, жүзүмдө — шарап кислотасы, бензой кислотасы брусникада, клюквада көп кезигет. Жемиштерде танин менен катехин бар. Танин ичеги былжыр челинин сезгенишине каршы таасир тийгизет. Катехин Р витамининин касиетине ээ. С витамини менен бирге кан тамырлардын капталынын бышыктыгын арттырат. Жемиштердин составында суу көп болгондуктан тез бузулат. Жемиштерди сактоодо (кыям, компот, кургатылган Ж.) составындагы биологиялык баалуу заттар, өзгөчө витаминдер азаят. Жемиштерди тез тоңдуруу, кургатуу менен баалуу касиеттерин көбүрөөк сактоого болот.

Мөмөлөр түзөтүү

Мөмөлөр (лат. fructus — жемиш) уруктуулар, данектүүлөр, цитрустар, Орто-Жер деңиздик жана субтропикалык болуп бөлүнөт.

 
Мөмөмлөр.

Уруктуулар (Rosaceae)

Цитрустар (Citrus)

  • апельсин
  • грейпфрут
  • лайм
  • бергамот
  • помело
  • клементин
  • кумкват
  • Понкан
  • мандарин
  • лимон
  • банан
  • померанец
  • свити
  • сатсума
  • танжело
  • танжерин
  • каламондин

Орто-Жер деңиздик жана субтропикалык жемиштер:

  • курма
  • анар
  • анжир

Мөмөлөр рационду байытат. Анда башка тамак-аш азыктарында болбогон организмге керектүү заттар бар. Мөмөлөр витаминдүүлүгү, органикалык кислоталардын көптүгү менен баалуу, анда түрдүү минерал, пектин жана өңдөгүч заттар болот. Мөмөдөгү органикалык кислоталар (лимон, алма кислоталары жана башкалар) организмдеги кислота-жегич тең салмактуулугун сактайт. Органикалык кислоталар лимондо, кара өрүктө, чиеде, абрикосто көп болот. Мөмөлөрдө (айрыкча абрикосто, чиеде, кара өрүктө, алчада) башка тамак-ашта болбогон калий көп. Өрүктүн кагындагы калий өзгөчө сиңимдүү. Алмада, абрикосто, алмурутта, шабдалыда темир туздары бар. Айва, алмурут, алма, курма, анар мөмөлөрү таниндерге бай. Аларда тамак сиңирүүнү жакшыртуучу пектин заттары болот. Мөмөлөр балдардын тамагына, мүнөздөп тамактанууда улгайгандар үчүн зарыл (Тамактануу). Мөмөлөр кан айлануу бузулуп шишип кеткенде, атеросклероздо, гипертония, бөйрөк ооруларында, колитте, ич катканда сунуш кылынат. Айрым бөйрөк ооруларында, ошондой эле семире баштаганда атайын «мөмө желчү» күндөр белгиленет.

Пайдасы түзөтүү

Мөмөлөрдү чийки жеген пайдалуу. Мөмөлөрдөн тамак-аш даярдоодо андагы пайдалуу заттарды, витаминдерди мүмкүн болушунча толук сактоого аракеттенүү керек. Мөмөлөрдөн компот жасоо үчүн аны кайнатар алдында тазалап, кесип, кайнап жаткан сууга салып, эзилтпей бышыруу зарыл. Мөмөлөрдөн өнөр жайда жана үй шартында түрдүү ыкма менен ар кандай тамак-аш даярдалат. Консервалоонун азыркы ыкмасын колдонуу Мөмөлөрдөгү витаминдерди толук сактоого, аны менен жыл бою тамактанууга мүмкүндүк берет. Мөмөлөрдү жээрде аны кайнак же шар сууга таза жууш керек, анткени анда оору козгогуч микрборганизмдер, мите жумурткалары, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден сактоо үчүн чачылган химиялык заттардын калдыктары болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8