Матраимов Арстанбек Режепович – жогорку тажрыйбалуу педагог, акын, төкмө акын, дастанчы жана комузчу.

Арстанбек Матраимов
Матраимов Арстанбек Режепович
Портрет
Туулган датасы:

1 -май 1962(1962-05-01) (62 жаш)

Туулган жери:

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылы

Жарандыгы:

Кыргызстан

Жубайы:

Темирова Фарида Жалиловна

Өмүр таржымалы түзөтүү

Матраимов Арстанбек 1962-жылы 1-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында туулган. 1969-жылы Ильич орто мектебинин босогосун аттап, аны 1979-жылы аяктаган. 1981-жылга чейин өз демилгеси менен уюштурган өндүрүштүк бригадада иштеген.

1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин Филология факультетине тапшырып, аны 1986-жылы бүтүргөн. Ошол күндөн баштап Базар-Коргон районунун Акман айылындагы ошондогу №6-Ильич, азыркы Бекмамат Осмонов атындагы мектеп гимназиясында эмгектенип келет.[1]

2018-жылдан 2023-жылга чейин аталган мектептин директорлук милдетин аркалаган.

Педагогикадагы жетишкендиги түзөтүү

Арстанбек Матраимов 1988-жылы Кыргыз Республикасынын “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси менен сыйланган.

1989-1991-жылдары Эл чыгармачылыгынын алкагында өткөн республикалык кароо сынактардын эки жолку лауреаты;

1993-жылы “Жылдын мугалими” кароо сынагынын райондук жана облустук турунун жеӊүүчүсү, республикалык сынактын лауреаты;

1995-жылы анын жасаган окуу кабинети облустук сынакта 1-орунду ээлеген;

1998-жылы облустагы эң мыкты 10 кыргыз тилчинин катарына кирип, эмгектери китепке чыгарылган жана педагогикалык иш тажрыйбасы жайылтылган;

2004-жылы райондо “Мыкты мугалим”;

2013-жылы “Райондун ардактуу мугалими” наамдары менен сыйланган.

Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Анын окуткан окуучулары олимпиадаларда биринчи орунду ээлеп келишет.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Тажрыйбалуу педагог Арстанбек Матраимов мугалимдик кесип менен бирге көркөм чыгармачылыкты да эриш аркак ала жүргөн өнөрпоз адам. Анын төкмөчүлүк өнөрдөн баштап элдик музыкалык аспаптардын баарын ойной билүүсү буга далил. Республикалык “Тогуз кайрык” жана “Насыят” телесынактарында айтылуу төкмө Тайырбек Сатыбалдиев менен эки ирет айтышка чыккан. Ал өнөрүнүн аркасы менен 1993-жылы Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунда бир жарым ай жүрүп, атактуу манасчы Сатыбалдыга жолугуп кайткан. Кыргыз теле көрсөтүүсү бир нече ирет А.Матриамовдун чыгармачылыгына арналган берүүлөрдү тартуулаган.

Анын сөзүнө таандык “Базар-Коргон” чыгармасы Базар-Коргон районунда түрдүү иш-чараларда ырдалып, айрымдар райондун гимни деп атап коюшат.

"Эркиндик ыры" текстине да обон жазылып, эл арасында ырдалып жүрөт. Кыргыз радиосу агайдын чыгармачылыгына арналган уктуруу жасап “Салт жөнүндө терме”, “Беш мергендин баяны” аттуу автордук чыгармаларын алтын фондко алып калган. Анын аткаруучулук репертуарында элдик ырлар, дастандар, акындарын айтыштары, термелер камтылган.

Арстанбек Матраимов 1993-жылдан бери кыргыз тили жана адабияты секциясын жетектеп келет. Анын алкагында “Жаш кыял” фольклордук этнографиялык тобун түзүп, 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгына арналган облустук сынакта биринчи орунду алышкан.

Комуз ийримин ачып идиректүү окуучуларга улуттук аспапты, Манас айтууну үйрөтүп келет. Анын жыйынтыгында окуучулары Манас айтуу боюнча республикалык сынактарда алдыӊкы орундарга жетишишкен.

“Акман айылынын Ардактуу атуулу” жана “Базар-Коргон районунун Ардактуу атуулу” аталган Арстанбек Матримовдун көркөм жетекчилиги алдында райондук театралдаштырылган майрамдык иш чаралар уюштурулуп келет. Ал жаш мугалимдерге педагогикалык тажрыйбасы менен бөлүшкөн сыйлуу инсан.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Үй-бүлөлүү. Жубайы - Темирова Фарида Жалиловна 1964-жылы туулган. Алардын 3 уул, 2 кыз, 10 небереси бар.

Шилтемелер түзөтүү

  1. https://kyrgyzmedia.kg/bazar-korgon-tajmashtan-ijgilik-zhartkan-kyzdar-syjlykka-ee-bolushtu/