Артикуляциялык база - сүйлөө органдары, б.а., кептеги тыбыштарды жасоого катышкан органдар сөөк жана чемирчек, булчуңдар сыяктуу жумшак бөлүктөрдөн турат.

Буларга өпкө, трахея, кекиртек, алкым, көмөкөй, ооз жана мурун көндөйлөрү, тил, жумшак жана катуу таңдай, тиштер менен эриндер кирет. Ошентип, Артикуляциялык база - тилибиздеги тыбыштарды жасоого катышкан тыбыштык органдардын кыймыл-аракетинин ар түрдүү абалынын жалпылыгы.

Кайсы тыбыштык органдын тигил же бул тыбышты жасоого катышы жана ал канчалык даражада интенсивдүү экендиги Артикуляциялык база үчүн өтө маанилүү, анткени активдүү тыбыштык органдардын тыбыш жасоого катышы алардын бири-биринен болгон өзгөчөлүгүн айкындап турат. Ошону менен бирге үнсүз тыбыштар артикуляцияланышы боюнча дайыма локалдуу болорун эсте тутуу зарыл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4