Артур Мичелл Рэнсом (англ. Arthur Michell Ransome; 1884-жыл 18-январь — 1967-жыл 3-июнь) — англиялык жазуучу жана журналист болгон. Ал балдарга арналган "Чабалекейлер жана амазонкалар" (англ. Swallows and Amazons) сериясы менен белгилүү болгон. Анда Лэйк жана Норфолк жергелериндеги жаш балдардын мектеп каникулунда өткөргөн кызыктуу окуялары тууралуу баяндалат. Китептердин көбү сүзүү, балык уулоо, кемпиң жана башка жалпы темаларды камтыйт. Китептер популярдуу бойдон калууда, "Чабалекейлер жана амазонкалар" Уиндермир жана Конистон көлдөрүнүн айланасындагы туризм өнөр жайынын өнүгүшүнө негиз салган. Рэнсом аталган эки көлдү ойдон чыгарылган Түндүк өлкө көлү деп өзгөртүп колдонгон.

Чабалекейлер жана амазонкалар.

Ошондой эле ал Лондондун адабий турмушу, 1917-жылдагы көтөрүлүшкө чейинки, ошол учурдагы жана андан кийинки Орусия жөнүндө жазган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү