Чабалекейлер менен амазонкалар

"Чабалекейлер менен амазонкалар" (англ. Swallows and Amazons) - Артур Рэнсомдун "Чабалекейлер менен амазонкалар" серияларынын биринчи китеби, ал 1930-жылы басылып чыккан, романдагы окуя 1929-жылдын жазында, Лейк-Дистрикт аттуу жерде орун алган. Китептин башкы каармандары: Жон, Сүзан, Титти жана Рожер Уолкер (чабалекейлер), алардын апасы менен карындашы, Ненси, Пегги Блэкет (амазонкалар) жана капитан Флинт деп таанылган Жим аттуу байкеси.

Coot Club (Чабалекейлер менен амазонкалар, 1934).

Рэнсом Manchester Guardian гезитинин журналисти катары иштеп жүргөн кезинде, чет өлкөгө чыккан тышкы корреспондент болгондон баш тартып, толук штатта иштеген жазуучу болууну чечет. Ошол учурда эле гезиттеги жарым күндүк жумушун уланта берет.

Алтауняндар менен бирге жазды өткөрүп, алардын балдарын сууда сүзүүнү үйрөткөнү аны китеп жаратууга шыктандырган. Алтауняндардын үч баласынын аттары романдагы Уолкер үй-бүлөнүн балдарынын аттарына колдонулат. Рэнсом менен Эрнест Алтаунян "Чабалекей" жана "Мэйвис" (чыйырчык сыяктуу куш) аттуу эки кичинекей кайык сатып алган. Рэнсом "Чабалекей" кайыкты бир канча жылдан кийин саткан, "Мэйвис" Алтауняндарда калып, учурда Ruskin музейинде турат. Бирок кийинчирээк жазуучу Алтауняндар менен болгон байланышын көмүскөдө калтырып, башка булактарга таянган жаңы кириш сөз жазган. 2003-жылы, роман Би-би-синин сурамжылоосунун The Big Read тизмесинде 57-орунду ээлейт.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү