Артык уругу - кыпчак уруусунун курамындагы урук.

Этнонимдин параллели казактардын курамында бар[1]. И.Н. Лезина Крым жарымаралындагы Артек (Артук, Артык) этнотопониминин келип чыгышын орто кылымдардагы кыпчактардын “артык” аттуу уругу менен жалпылыкта карайт. Автор кыргыздардын кыпчак уруусундагы “артык” аттуу этникалык аталышын Артек (Артук, Артык) этнотопонимине салыштырган иликтөөлөрүн жүргүзөт[2]. Кыргыз этнографы И.Б. Молдобаев кыргыздардын Крым жарымаралынын этникалык чөйрөсү менен байланышын аныктаган иликтөөлөр жүргүзүп келет (караңыз: Молдобаев, 1995, 185-195).

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Жанузаков, 1982, 165.
  2. Лезина, 1985, 91.

Колдонулган адабияттар түзөтүү