Ажиев Арун (1923-ж. т., Нарын району, Орто-Саз айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1971—75).

Өмүр баяны түзөтүү

Ажиев Арун Ажиевич 1923-жылы Нарын районунда, Орто-Саз айылында төрөлгөн. Билими жогорку.

1942-ж. Нарын педагогикалык окуу жайын, 1957-ж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепти бүткөн. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

1950—85-ж. Нарын облустук комсомол комитетинин 1-катчысы, Ак-Талаа, Нарын райаткомдорунун төрагасы, Кыргызстан КП Ат-Башы, Жумгал, Ак-Талаа райкомдорунун 1-катчысы, Нарын облустук маданият бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.

Сыйлыктары түзөтүү

Алган сыйлыктары: "Эмгек Кызыл Туусу" эки ордени.

2 Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Эмгек жолу түзөтүү

1942-1947-жж., Тянь-Шань облусу, райком аткаруу комитеттеринде биринчи, экинчи катчы, 1958-жж. Тянь-Шань облусунун КП Ат-Башы районунун комитетинин 1-катчысы болуп эмгектенген.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Колдонулган адабият түзөтүү

Нарын энциклопедиясы,-Б., 2009