Археологиялык мезгилдерге бөлүштүрүү

Археол. илиминде колдонгон эмгек куралдарына жараша тарыхый мезгил таш, коло, темир доору деп бөлүштүрүлөт. Таш доору үчкө бөлүнөт: палеолит – байыркы таш доору (б. з. ч. 2 млн. 600–10 миң жылдыктар), мезолит – ортоңку таш доору (б. з. ч. 10–7 миң жылдыктар), неолит – жаңы таш доору (б. з. ч. 6–4 миң жылдыктар). Байыркы таш доору – төмөнкү таш доору (2 млн. 600 миң ж-тар), жогорку таш доору (40–10 миң жылдыктар аралыгы) болуп экиге бөлүнөт. Төмөнкү таш доору олдувай, ашель, мустье доору болуп үчкө бөлүнөт. Таш доорунан кийин жез таш доору (энеолит) деген өткөөл мезгил бар. Ал б. з. ч. 4–3 миң жылдыктарды, коло доору б. з. ч. 3-миң ж-тан 1-миң ж-ка чейинки аралыкты камтыйт. Эрте темир доору 1-миң жылдыктан б. з. ортосуна чейинки учур. Кийинки А. м. б. тарыхта орто кылымдар доору деп уланып кетет. Археол-да айрым аймактар үчүн этностордун аты м-н аталган шарттуу мезгилдерге бөлүштүрүү да колдонулат. Мис., Орто Азия археол-нда сак доору (б. з. ч. 8–3-к.), Борбордук Азия археол-нда байыркы түрк мезгили (б.з. 6–10-к-ры), Түштүк Сибирь археол-нда кыргыз мезгили (840-ж.–10-к- дын ортосу), моңгол мезгили (13–14-к.) ж.б. Археол.маданияттын аты м-н колдонулган шарттуу аталуучу мезгилдер да кездешет. Мис., андрон мезгили.

Маалымат булактары түзөтүү