Орто Азия
Орто Азия — Азиядагы тарыхый-географиялык аймак. Заманбап түшүнүгүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды камтыйт.
Орто Азия | |
![]() | |
Аянты |
1 281 475 км² |
---|---|
Калкы |
58 млн. ашуун адам |
Жыштыгы |
45 адам/км² |
Курамында |
4 өлкө |
Убакыт аралыгы | |
Интернет-домени | |
Ири шаарлары |
Орусиялык чыгыш тануучулар үчүн «Орто Азия» (орус. Средняя Азия) менен «Борбордук Азия» (орус. Центральная Азия) түшүнүктөрү бирдей болгон эмес.
Орусиялык тарыхчы С.М. Соловьёвдун 1851-жылкы тарых китебинде «Орто Азия» (орус. Средняя Азия) термини Чыгыш Европа түздүгүнөн түштүк-чыгышта жана Каспий деңизинен чыгыш тараптагы дала географиялык чөлкөм деп түшүнүлүп, колдонулган[1].
Түшүнүк алгач Орусия империясында Орус Түркстанды белгилөө үчүн колдонулган. Анын чегинде Закаспий, Сыр-Дарыя, Жети-Суу, Фергана жана Самарканд облусу курамындагы Түркстан генерал-губернаторлугу жана Орусия империясына көз каранды Бухара эмирлиги менен Хива хандыгы жайгашкан. 1917-жылы улам революциялардан Орусия империясы кулагандан кийин мурдагы Түркстан крайында (1886-жылына чейин Түркстан генерал-губернаторлугу) 1918-жылы Советтик Орусиянын курамында Түркстан АССР түзүлөт. Советтер Союзу учурунда 1924-жылы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшү өткөндөн кийин жана 1936-жылына чейинки советтик мамлекеттүүлүк өнүгүшүнүн жыйынтыгында төрт биримдик республикасы калыптанат: Кыргыз ССР, Өзбек ССР, Тажик ССР, Түркмөн ССР. Алар Орто Азиялык экономикалык аймакты түзүшкөн. Мындан аларды «Орто Азия республикалары» деп айтып калышкан. 1924-жылындагы улуттук-мамлекеттик бөлүштүрүшүндө Орто Азиянын айрым аймактары Казакстанга өтүп кеткен. Бирок совет доорунда Казакстан Орто Азия бөлүгү катары эсептелген эмес. Беш республиканы камтыган аймакты «Казакстан жана Орто Азия» деп аташкан.
«Орто Азия» түшүнүгүн көп маанилүү «Борбордук Азия» түшүнүгү менен адыштырбоо керек. 1990-жылдардын башында «Орто Азия» ордуна «Борбордук Азия» колдоно баштайт. Азыркы учурда ал түшүнүктөр бир бирин коштоп колдонуп келгендиги үчүн туура түшүнүү боюнча күмөн жаратып келет.
1992-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орто Азия саммитинде «Борбордук Азия» түшүнүгү пайдасына «Орто Азия жана Казакстан» түшүнүгүнөн баш тартууну сунуштаган[2]. ЮНЕСКО «Борбордук Азия» түшүнүгүнө башка аныктама берген. Ага ылайык Борбордук Азия айтылган өлкөлөрдөн тышкары Монголия, Батыш Кытай жана Түштүк Сибирди камтыйт. Бул аныктама география илиминде да колдонулат.
Булактар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4