Арчалы өрөөнүИчки Теңир-Тоодогу Жетимбел жана Жетим тоолорунун аралыгында жайгашкан өрөөн. Узундугу - 44 км, туурасы 1 кмдей өрөөндүн таманынын деңиз деңгээли. Бийиктиги- 2700–3000 м; курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 1300–1500 м.

Өрөөн палеозой тектеринин неогенде төмөн ийилишинен, байыркы мөңгүнүн аракетинен жана суу эрозиясынан пайда болгон. Азыркы рельефинин калыптанышында байыркы муз каптоонун таасири зор болгон. Антропогенде тоо беттеринен түшкөн мөңгүлөр өрөөндүн таманында 8–26 кмге жетип, тартылганда мореналарды, тепши сымал өрөөндөрдү пайда кылган. Таманы жазы жана түз, суу бойлой эки тектир созулуп жатат. Тоо капталдары капчыгайлуу.

Азыркы мөңгүнүн басымдуу бөлүгү Жетимдин түндүк капталында жайгашкан; эң ириси — Эгизтөр (уз.5 км). Өрөөн аркылуу батышты карай Арчалы суусу агып, Жаңы - Жер тоосун кесип өтүп, Балгарт суусуна куят. Климаты континенттик; январдын орточо температурасы –12... – 13°С, июлдуку 9–10°С. Жылдык жаан- чачыны 350– 400 мм. Өрөөндө шалбаалуу талаа жана шалбаа (3000 мге чейин), доңуз сырттуу субальп жана альп шалбаасы (3000– 3300 м), андан жогору субнивалдык, гляциалдык-нивалдык алкактар мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1