Арчалы мөңгүсү
Арчалы мөңгүсү — Ички Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Жетим кырка тоосунун түндүк капталында. Узундугу 4,5 км, аянты 7,4 км. Кичи Нарын дарыясынын сол куймасы Арчалы суусунун төрүнөн орун алган. Мөңгүнүн башы деңиз деңгелинен 4560 м, этеги 3800 м бийиктикте жатат. Андан Арчалы суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|