Асаналиев Эрнис Умарович

Асаналиев Эрнис Умбарович (1973-ж. т., Тоң району, Акөлөң айылы) - скрипкачы, дирижёр. түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти (2017).
  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2003).
  • 1991-ж. республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатты бүтөрү менен Алматы мамлекеттик Курмангазы атындагы консерваториянын скрипка классына өтөт.
  • 1995-ж. Германиянын Байрейт ш. өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштардын симфониялык

оркестринин Р. Вагнер атындагы фестивалында концертмейстерлигине шайланат.

  • 1998-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваторияда педагог.
  • 2000-ж. таланттуу жаш музыканттарды топтоп «Манас» аттуу камералык оркестр уюштурган.
  • 2001-ж. оркестр «Президенттик» деген статус алган.

Ашхабадда өткөн эл аралык конкурстун лауреаты, Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» аттуу программанын стипендиаты, «Алтын шаты», «Дилгир» конкурстарынын, фестивалдарынын, эл аралык «Мэзрим» кайрымдуулук фондунун лауреаты.

  • Дирижёрлук менен бирге солист жана концертмейстер катары гастролдо болгон.

1999-ж. Стамбул консерваториясынын проф. С. Акчилдин башкаруусунда «Үч деңиздин добушу» аттуу симфониялык оркестр менен биргелешип, Түркияда, Грецйяда, Кипрде, Японияда, Борбордук Азияда жана Кавказда, Кыргызстандын аймактарында жана Москвада концерт берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.