1991
1991 (бир миң тогуз жүз токсон биринчи) жыл - биздин замандын 1991-жылы, 2-миңжылдыктын 991, ХХ кылымдын 91, ХХ кылымдын 10-онжылдыгынын 1 жана 1990-жылдардын 2-жылы болуп эсептелет (ислам календары боюнча 1411—1412).
Жылдар |
---|
1987 · 1988 · 1989 · 1990 — 1991 — 1992 · 1993 · 1994 · 1995 |
Онжылдык |
1970-чу · 1980-чу — 1990-чу — 2000-чу · 2010-чу |
Кылымдар |
XIX кылым — XX кылым — XXI кылым |
Негизги окуяларОңдоо
Бул жыл "Кансыз согуштун" бүткөн жылы деп эсептелинет, СССРдин таркашы жана анын негизинде 15 жаңы көз каранды мамлекеттердин пайда болушу, Югославиянын бөлүнүшү жана анын ичиндеги мурунку өлкөлөр ортосундагы согуштук иш-аракеттер, АКШ башында турган 34 өлкөдөн түзүлгөн эл аралык коалиция БУУнун көмөгү астында 1990-жылы Кувейтти баып алган Иракка каршы согушу менен тарыхта калды.
ЯнварьОңдоо
ФевральОңдоо
МартОңдоо
АпрельОңдоо
МайОңдоо
ИюньОңдоо
ИюльОңдоо
АвгустОңдоо
СентябрьОңдоо
ОктябрьОңдоо
НоябрьОңдоо
ДекабрьОңдоо
1991-жыл жана КыргызстанОңдоо
1991-жылы Кыргызстандын тарыхында эң маанилүү окуя болду, 31-август күнү «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация кабыл алынып Кыргыз Республикасы коз карандысыз, эгемендуу демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Коз каранды эместиктин шартында 1991-жылы 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республиканын Президенти болуп шайланган.
Эгемендүү Кыргыз РеспубликасыОңдоо
Президентти шайлоо жана «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» ДекларацияОңдоо
1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25-декабрда М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.
ТөрөлгөндөрОңдоо
ӨлгөндорОңдоо
- 25 январь - Иззатуллаев, Азизулло Султонович - Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери, Ташкент облусу Янгиюль району аткаруу комитетинын төрагасынын орун басары (1962-1983 жылдары), Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери[1].
.Оңдоо
- ↑ Центразия Персоны. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 8 -декабрь (бештин айы) 2015.