Асакеев Асанбек (23.2.1939-ж.т., Нарын району, Чет-Нура айылы) — Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1980). Педагогикалык илимдеринин кандидаты, профессор (1991).
1957-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 1969-ж. Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясын бүткөн.
1956—62-ж. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист, ошол эле мезгилде музыкалык окуу жайда окутуучу.
1962—66-ж. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда окутуучу, 1966—83-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окутуучу, директор.
1983-жылдан Б. Бейшеналиена атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда проректор, 1989- жылдан ректор.
Кыргыз ССР эл агартуу (1964), СССР маданиятынын отличниги (1980). Кыргыз Республикасынын коомдук илимдер академиясыньш академиги (1992).

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.