Абылабек Асанканов

Этнолог, тарыхчы Абылабек Асанканов.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асанканов, Абылабек
Туулган жылы: 1954-жыл 27-бештин айы
Туулган жери: Жаңы-Арык айылы, Жумгал району, Нарын облусу
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген жери: Кыргызстан Президенттик администрациясы
Ишмердүүлүгү: окумуштуу-этнограф, тарыхчы, мамлекеттик кызматкер
Альма-матер: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, 1977-ж.
Илимий тармагы: этнография, этнология
Мурда аткарган кызматтары:
  • Э.Арабаев атындагы Кыргыз педуниверситетинин ректору
  • “Мурас” долбоорунун аткаруучу директору
  • Кыргыз Улуттук Университетинин профессору, кафедра башчысы, тарых факультетинин деканы
Наамы. Сыйлыктары: Илим тармагындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 2000; Кыргызстандын УИАсынын кабарчы-мүчөсү. 1999; “Манас” дастанынын миң жылдык мааракесине байланыштуу медал, 1995.; ж.б.

Абылабек Асанканов (27/12/1954) – этнограф тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1996), КРнын УИАнын корреспондент мүчѳсү (2000), КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Учурда ал Кыргызстандын УИАсынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору кызматын (2017-жылдан) аркалап келет.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

1954-ж. Кыргызстандын Нарын облусундагы Жумгал районунун Жаңы-Арык (Доскулу) айылында туулуп, ошол эле кыштакта орто мектепти аяктаган.
1972-1977-жж. Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетинин студенти.
1977-78-жж. Нарын облусунун Жумгал районундагы “Көл-Арык” орто мектебинин мугалими;

1978-79-жж. аталган райондун “Жумгал” орто мектебинин мугалими;
1979-80-жж. Фрунзе политехникалык институтунда "КПССтин тарыхы" кафедрасында окутуучу;
1980-83-жж. Москвадагы СССР ИАсынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы этнография жана антропология институтунун аспиранты;
1984-91-жж. КМУнун Археология жана этнография кафедрасынын окутуучусу жана башчысы;
1983-93-жж. КМУнун окутуучусу, археология ж-а этнография кафедрасынын башчысы;
1991-ж. 21-октябрь - 1992-ж. 30-апрелине чейин Москвада Орусия ИАсынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнология жана антропология институтунда ага илимий кызматкер; 1992-93-жж.Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) Тарых факультетинин деканы;
1994-97-жж. КУУдагы Кыргыз таануу институтунда директор;
1999-2001-жж. Кыргыз Президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
2001-2005-жж. Э. Арабаев атындагы Кыргыз Педагогикалык Университетинин ректору;
2005-2006-жж. аталган университеттин Ата-Мекен тарыхы кафедрасынын башчысы;
2010-ж.11-августунан Кыргыз Президенттик администрациянын Этностук өнүгүү жана дин саясаты бөлүмүнүн жетекчиси;
2010-2012-жж. аталган кеңседе Этностук өнүгүү, дин саясаты жана атуулдук коом менен карым-катнаш бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
2017-жылдан - Кыргызстандын УИАсынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун директору.

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

Илимий жана коомдук ишмердиги түзөтүү

Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү (2012).
Кыргызстандын УИАсынын кабарчы-мүчөсү. 1999.
“Манас” дастанынын миң жылдык мааракесине байланыштуу медалы менен сыйланган (1995).
Кыргыз тарыхына, этносоциологиясына, руханий маданиятына арналган 100дѳн ашык илимий эмгектин (а. и. 10 монография) автору.

Илимий эмгектери түзөтүү

  • Социально-культурное развитие современного сельского населевия Киргизии. Ф.,1989;
  • Кыргызы: рост национального самосозвания. Б., 1997.
  • История Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней). Учебник для вузов. - Бишкек, 2009.
  • Кыргызы Синьцзяна (КНР). - Бишкек, 2010.
  • Жунго Шинжаң кыргыздары (Монография) / Сунуштуу редактор Макелек Өмүрбай; жооптуу редактор Токтосун Карыбек уулу. - Артыш: Кызыл-Суу Кыргыз басмасы, 2013. - ISBN 978-7-5374-1355-8. - 2+2+1+307 б., сүрөттөр.

Илимий редакторлугу астында жарыяланган эмгектер түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргызстан жана Борбордук Азия - баарлашуунун мейкиндиги: Этностор аралык мамилелерди бекемдөөнүн өтмүшү, учуру жана келечеги: Кыргыз Республикасынын УИАсынын мүчө кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Абылабек Асанкановдун 60 жылдыгына арналган Кыргызстандын этнологдору менен антропологдорунун II Конгрессинин (Бишкек шаары, 2015-жылдын 4-апрели) баяндамалары жана илимий макалалар жыйнагы / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), С.К.Алымкулова, ж.б.; жооптуу редактор А.Р.Бикбулатова, илимий редактор Т.К.Чоротегин. - Бишкек: “Maxprint” басмасы, 2015. - 488 б., сүрөт. - “Мурас” фонду. - [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - ISBN – 978-9967-12-474-5.
  • Асанов У. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.

5-89750-100-9.

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Мамбетов, Жума. Теңирим сүйгөн Теңир-Тоо: Нарыным – алтын бешигим. – Б.: Принт-Экспресс, 2016. – 432 б., сүрөт. – ISBN 978-9967-27-957-5.
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү