Жумгал району - Нарын облусундагы район, борбору Чаек кыштагы[1].

Жумгал району
район
Жумгал району
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын
Seat Чаек
Time zone GMT +6 (UTC+6)

1932-жылы уюшулган. Түндүгүнөн Чүй облусу, түштүгүнөн Тогуз-Торо (Жалал-Абад облусу), Ак-Талаа, Нарын, батышынан Токтогул (Жалал-Абад), чыгышынан Кочкор райондору менен чектешет. Чүй өрөөнүнөн Кыргыз Ала-Тоосу бөлүп турат. Аянты 5221 км2, батыштан чыгышка 100-120 кмге, түндүктөн түштүккө 70-80 кмге созулат. Калкы 40,8 миң (2009).

Район толугу менен Ички Теңир-Тоодо жайгашкан. Жери тоолуу, деңиз деңгээлинен 2000 мден жогору жатат. Түндүгүнөн Жумгал кырка тоосу, түштүгүнөн Молдо-Тоо, чыгышынан Сандык тоосу, батышынан Суусамыр кырка тоосу чектейт. Аймагынын эң бийик жери 4185 м, Миң-Куш чокусу. Молдо-Тоонун Көкөмерен капчыгайына жана Миң-Куш өрөөнүнө караган Түндүк капталдары жазы, батышы тик жана аскалуу. Райондун аймагы кең байлыктарга бай. Кара-Кече, Кабак, Миң-Куш, Көк-Мойнок, Кара-Суу күрөң көмүр, курулуш материал кендери, минералдуу суу булактары жана башка бар.

Климаты

түзөтүү

Климаты континенттик. Кышы суук жана узак; январдын орточо температурасы -15... -16°С, жайы ысык (өрөөндө -30-32°С). Жылдык жаан-чачыны тоолорунда 250-500 мм, өрөөнүндө 350-370 мм.

Табияты

түзөтүү

Ири суулары: Көкөмерен, Жумгал, Суусамыр, Каракол жана башка, көлдөрү: Соңкөл, Ак-Көл, Сары-Көл, Баш-Кууганды, Сандык жана башка райондун аймагында ачык куба, коңур, тоо шалбаалуу талаа субальп, тоо шалбаалуу каралжын, тоо токойлуу, тоо чымчала чым көңдүү альп топурактары таралган. Ачык куба күрөң топурак өрөөндүн таманын ээлеп, негизги жер фондусун түзөт. Өсүмдүктөрү тоолуу рельефинежанаклиматтык шарттарынын бийиктикке жараша өзгөрүшүнө байланыштуу ар түрдүү. Өрөөндүн таманында жана тоо этектеринде чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрү таралган. Жалпысынан эфемерлер, эфемероиддер басымдуу. Алар бетеге, ак кылкан, эрмен, кой тикен, төө таман, чий, кокуй тикен, чекенди жана башка.

Өрөөндүн 2000 м бийиктикте жаткан түзөң жерлери менен тоо этектерин чөл жана жарым чөл зоналары ээлейт; мындагы боз топуракта чий, шыбак, эрмен, суу жээктеринде шалбаа өсүмдүктөрү өсөт. Өрөөндөрдү курчаган тоолордун капталдарына субальп, альп (3300 м) шалбаалары мүнөздүү; алар негизинен жайытка пайдаланылат. Кабак тоосунун тескей беттеринде карагай, бадалдуу токой, Суусамыр, Батыш Караколдун төмөнкү агымдарын бойлой тал, терек, чычырканак жана башка өсөт. Жеринин басымдуу бөлүгү таштуу, жылаңач дөңсөөлүү аймакты түзөт. Дыйканчылыкка ыңгайлуу жери деңиз деңгээлинен 1400-2300 м бийиктикте жайгашкан.

Курамы

түзөтүү

Райондо 13 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 30 айыл бар[2]:

Калкынын негизин кыргыздар түзөт; ошондой эле орус, татар, украин, өзбек, уйгур, тажик, дуңган жана башка улуттар да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 8 киши. Райондо 10 айыл өкмөтү, 26 кыштак, Миң-Куш шаарчасы бар. Райондо төрөлүү коэффициенти 23,9%ды, өлүм-житим 8,8%ды түзөт.

Айыл чарбасы

түзөтүү

Райондун чарбасы негизинен айыл чарба багытында. Дан эгиндери, тоют, картөшкө, жашылча, бир аз жер жемиш (бакча) өсүмдүктөрү өстүрүлөт.

Колхоз-совхоздор 1990-95-жылы толук бойдон реформа болгон. Райондо бардыгы 6564 чарбалык субъект (анын ичинен үй-бүлөлүк фермер чарбалары), 134 ирилешкен дыйкан чарбасы, ортолук менчикте иштөөчү 11 үрөн чарбасы (техсервис жайы), жеке менчик негизиндеги 24 чакан мал чарба ишканалары иштеген. Булардан сырткары МиңКуш шаарчасында, Чаек, Чоң-Арал кыштагында 3087 өздүк чарба бар. Райондо 110,1 миң кой, эчки, 21,5 миң уй, 617 топоз, 18,6 миң жылкы, 31,1 миң үй кушу бар. 2006-жылы райондун чарбалары 9,1 миң т эт (тирүүлөй салмагы), 21,1 миң т сүт, 363 т жүн, 1,5 млн даана жумуртка өндүргөн.

Ушул эле жылы айыл чарбага жарактуу жери 383,6 миң га, чабынды 2653 га, жайыт 361,0 миң га болгон. Дан эгиндери (9580 га), картөшкө (112 га), жашылча (27 га) айдалган. Дыйканчылыктан 2006-жылы 7,7 миң т дан, 10,6 миң т картөшкө, 2,4 миң т жашылча, 113 т мөмө-жемиш жыйналган. Өнөр жай. ишканаларынан Миң-Куш шаарчасында «Оргтехника» АК, нан заводу, Миң-Куш көмүр кенин казган «Ак-Улак» МАК, Кара-Кече көмүр кенин казган «Ак-Жол» АК, «Шарбон» ЖАК, «Демилге+ЛДТ» ЖЧК, «Беш-Сары» ПКФ, Чаек эт комбинаты («Жумгал» АК), Айыл чарба техникаларын ремонттоочу чакан ишкана, тегирмендер, колбаса жана консерва чыгаруучу, жашылча-жемиш кургатуучу, макарон (кесме) жасоочу жана өсүмдүк майын сыгуучу цехтер, ошондой эле минералдык суу куючу «Чабыт» биргелешкен ишканасы жана башка иштейт. Алар 2006-жылы 37,1 млн сомдук (облустун 5,5%) өнөр жай продукциясын чыгарышкан.

Транспорт тармагы

түзөтүү

Райондун аймагы аркылуу Кочкор Чаек Миң-Куш, Тунук Суусамыр Арал автомобиль жолдору өтөт. Чаек Бишкек, Чаек Нарын каттамдары иштейт. Райондун автомобиль транспорту менен 2006-жылы 106,1 миң т жүк ташылса, жүргүнчү ташуунун жүгүртүлүшү 20,4 млн жүргүнчү-километрди түзгөн. Калкка көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн көлөмү 42,1 млн сомго жеткен.

Маданияты

түзөтүү

Райондо жалпы билим берүүчү 27 мектеп (анын ичинен 23 орто, бир негизги, 3 башталгыч) бар. Бир катар мектептерде англис тилин окутуу боюнча топтор, компьютер кабинеттери, математика жана башка сабактар боюнча лицей, гимназиялык класстар түзүлгөн. Балдардын спорт мектеби жана «Жалын» эс алуу лагери иштейт. Райондо кесиптик-техникалык окуу жайы, кесиптик лицей, музыкалык мектеп, 6 бала бакча, 11 клуб, 22 китепкана, маданият үйү жана кинотеатр бар.

Жумгал элдик театры, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында «Таттыбүбү» ыр-бий ансамбли, «Жумгал инсандары» көркөм-этнография, тарых музейи, райондун ичинде болуп жаткан күндөлүк жаңылыктарды, экономикалык жана социалдык маданий турмушту реформа кылуу абалын элге жеткирүү максатында «Жумгал-Ата» телекөрсөтүүсү уюштурулган.

Райондун калкын 195 орундуу борбордук, 95 орундуу 2 айылдык оорукана, шаардык оорукана, 4 айылдык-врачтык амбулатория жана 10 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 8 ФАП жана санитария-эпидемиологиялык станция, 2 дарыкана тейлейт. Аларда 75 дарыгер, 387 медициналык орто билимдүү адис эмгектенет. Райондук «Демилге» гезити кыргыз тилинде чыгат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Булактар

түзөтүү