Асан Кайбылда уулу комуз күүлөрүн изилдөөчүc түзөтүү

Өмүр жолу түзөтүү

1929-жылы Ак-суу району, Бозучук айылында туулган. КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолу Тогуз-Торо району, Казарман орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуу менен башталган. 1951-53-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Мектептерде жетекчилик кызматтар да жүрүп , кийин Кыргыз педагогикалык илим изилдөо институтунда ага кызматкер болуп иштеген. Илимий бир-нече китепчелери бар. 1989-жылы ардактуу эсалууга чыккандан кийин Кыргыз телерадио комитеттеринде реставарация бөлүмүндө редактор болуп иштеп, жумасайын радио толкунунда “Күү баяны” атту берүү уюштурулуп турган . Көлөмү 35 басма табактан турган “Күү баяны ” аттууу китеби 2001-жылы басмадан жарык көрдү. Бул китепте 90дон ашык комуз күүлөрүнүн баяны берилет. Азыр ушундай китептердин 2-3-томдорунун үстүндө эмгектенүүдө.

Колдонулган адабият түзөтүү

Абдышев К. "Кылым инсандары" Бишкек 2003-ж.