Аскар Мааткабылович Салымбеков (05.02.1955-ж. туулган Ат-Башы району, Ат-Башы айылы) – кыргыздын белгилүү ишкери жана коомдук ишмери.

Аскар Салымбеков
Коомдук ишмер, ишкер Аскар Салымбеков.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Салымбеков, Аскар Мааткабылович
Туулган жылы: 1955-жыл 28-жалган куран айы
Туулган жери: Ат-Башы айылы, Нарын облусу
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Компаниясы: “Дордой”
Ишмердүүлүгү: ишкердик, саясатчы (учурда Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты)
Альма-матер: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети
Коомдук салымдары: меценаттык
Мурда аткарган кызматтары:
  • Нарын облусунун губернатору
  • Бишкек шаар акими
Сыйлыктары:
, 2001-жыл; Экинчи даражадагы “Улуу Петр” ордени (Орусия), 2006-жыл; “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун эмгек сиңирген кызматкери” наамы, 2009-жыл; ж.б.

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Аскар Мааткабылович Салымбеков 1955-жылы 5-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун борбору Ат-Башы айлында жарык дүйнөгө келген.

Атасы Мааткабыл Ат-Башы районунун Кошой айылынан, энеси Сайраке аталган райондун Кара-Булуң айылынан чыккан.

1977-жылы КМУнун тарых факультетин, 1990-жылы экономика факультетин бүткөн.

Кыргыз дене тарбия институтунда комсомол комитетинин катчысы, 1981-86-жж. Кыргызстандын ЛКЖС БКнын жаштар жана жаш адистер бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-ж Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, 1991-1993-ж Бишкек шаараткомунун базарлар башкармасынын начальниги.

1993-1999-ж "Дордой" Ассоциациясынын Президенти.

1999-2005-ж Нарын] облусттук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор кызматын аркалаган.

2005-ж. баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-жана 4-чакырылыштарынын депутаты,ошол эле учурда 2005-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган.

Ишкер-бизнесмен.

Кыргызстанда көркөм өнөр, маданият, спортту ар тараптан өнүктүрүү үчүн ар кыл долбоорлорду каржылык жактан ырааттуу колдогон инсан.

Коомдук ишмердүүлүгү түзөтүү

"Дордой" Ассоциациясынын ардактуу президенти.

Кыргыз Республикасынын "Көк-бөрү" Федерациясынын ардактуу президенти.

Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү.

2006-жылдан бери Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын Ассоциациясынын төрагасы.

Наамдары. Сыйлыктары. түзөтүү

"Эмгек каармандыгы үчүн","Даңк" медалдары,орус академик В.Леонтьев атындагы алтын медалы,Россия Федерациясынын"За заслуги перед Родиной и Отечеством", "Петр Великий" ордендери , Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган."Руханият" эл аралык сыйлыгынын ээси.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Асанов Ү. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 388-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
  • Дордойдун урпагы: Даректүү жыйнак / Түзүүчү Гүлмира Мамбеталиева. – Бишкек, 2011. – 236 бет. – ISBN 978-9967-26-344-4.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү