Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аска, зоолуу жерлерде өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар, оюн өткөрүлүүчү жердин алдында турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден белгиленген жол менен аскага чыгышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Аскага чыгуунун ыкмаларын жакшы аткарылса, аз убакыттын ичинде чыккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Белгиленген жолдон чыгууга, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер, оюнчуларга белгилүү болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, чыдамкайлыкка тарбияланат, аска жана зоого чыгуунун ыкмаларын, чечкиндүүлүккө, шамдагайлыкка, кайраттуулукка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү