Аскерге милдеттүүлөрдүн запасы

Аскерге милдеттүүлөрдүн запасы - аскердик каттоодо турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же ар түрдүү себеп менен ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия жана флоттун запасындагы 18-50 жаштагы жарандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия менен флоттун катарында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, ошондой эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик каттого алынган 19-40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры менен аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1