Аскердик кызмат - жарандардын куралдуу күчтөрдүн катарында аскердик милдетин өтөшү. Кыргызстанда аскер жашындагы жарандардын түрдүү аскер бөлүктөрүндө кызмат кылуу тартиби, мөөнөтү 1993-ж. кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттүүлүгү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык ишке ашырылат. Катардагы аскер, сержанттык курамдагылар үчүн аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү 1,5 жыл (2006-ж. 1-январынан 1 жыл). Прапорщиктер, офицерлер жана генералдардын аскердик кызматын өтөөсү жана запаста болуусу өзгөчө шарттын негизинде жүргүзүлөт. Аскердик кызмат өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдик кызмат өтөө менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен белгиленет. Аскердик кызмат ар бир кыргызстандык жаран үчүн милдет гана эмес, ошондой эле укугу да болуп эсептелет. Аскердик кызматын өтөп жатышкан ар бир жаран саясий укукка толук ээ болуп, ошондой эле аскердик бардык талапка баш ийүүгө милдеттүү. Мындан тышкары, Аскердик кызматын өтөөдө ар бир жаран өз чеберчилигин арттырууга, аң-сезимин көтөрүүгө, моралдык туруктуулугун бекемдөөгө тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1