Аскердик медицина — медицинанын аскер кызматкеринин саламаттыгын сактоо боюнча илимдин теориясын жана практикасын изилдөөчү, ошондой эле аскер кызматкерлерин медициналык жактан тейлөөнү, согуш шартында алган жараатты дарылоону ишке ашыруучу тармагы. Тынчтык мезгилде аскер бөлүктөрүндө дарылоо, оорунун алдын алуу жумуштарын жүргүзөт; медициналык биринчи жардам көрсөтүүнүн ыктарын жана башкаларды үйрөтөт. Согуш убагында жарадарлардын өмүрүн сактоо, алардын ден-соолугун калыбына келтирүү үчүн күрөшөт. КРда аскердик медицина кызматын аткаруучу такай иштөөчү мекемелердин тармактары, согуш ардагерлеринин ооруканасы, аскердик госпиталь жана башкалар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1