Аскер туусуаскер бөлүгүнүн кайсы мамлекеттпн куралдуу күчтөрүнө тпешелүүлүгүн көрсөтүүчү белгиси (символу). Туу белгилүү өлчөмдөгү жана түстөгү кездемеден жасалып, каскакка (жумуру шырыкка) тагылат. Аскер туусу бөлүктүн наамы же номери өзгөрсө да, ошол бөлүктө дайыма кала берет. Эгерде аскер туусу жоголсо, бөлүк таркатылат да, ал бөлүктүн командири жана күнөөлүү адамдар аскер сотуна берилет. Аскер туусу байыртадан эле Байыркы Чыгыш, Кытай, Индия жана башка өлкөлөрдө колдонулган. Кыргыздарда аскер туусу жөнүндө түшүнүк плгертеден эле белгилүү. Орто кылымдарда асаба тагылган каскактын учуна аттын куйругун бекптпп жасаган туулар колдонулган. Тууну көтөрүү аскерлерди чогултууну жана согушка аттанууну билдирген. Жоого аттанганда алтанга (туу алып жүргөнгө) эр жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалып, салгылашуу учурунда кошуунга дем-күч берүү максатында ал тууну көрүнөө жерге кармап турган. Туунун жыгылганы же душмандын колуна түшкөнү, жеңилгенге тете болгон.Ошондуктан ал ар дайым ыйык саналып, бекем сакталган. «Манас» эпосунда ар бир аскердик топтун өз туусу, асабасы болгондугу жана анын түсү да өздөрүнө гана таандык экендиги, ал эми желек, байрактарды майда уруулар, аскердик бөлүктөр пайдалангандыгы айтылат. Кыргыздарда эл намысына жарап, элдин камын ойлогон эр азамат да тууга теңештирилип, согушта эрдик көрсөткөн баатырларын «туу жыгаар уул» деп ардакташкан.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1