Асман координаталары — асмандагы жарык чыгаруучулардын (телолордун) абалын аныктоочу сандар. Асман сферасындагы негизги тегеректер, ага байланышкан сызыктар жана чекиттерге салыштырмалуу аныкталат. Асман координаталарынын бир нече сфералык - горизонттук, экватордук, эклиптикалык жана галактикалык системалары пайдаланылат. Горизонталдык системада негизги тегерек катары - математикалык же чыныгы горизонт, уюл катарында байкоочу орундун зенити пайдаланылат. Экватордук системада негизги тегерек катары асман экватору, уюл катары дүйнөлүк уюл алынат. Бул системалар сфералык координаталарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1