Аспап - иштетилүүчү буюмдун формасын талапка ылайык өзгөртүүдө колдонулуучу эмгек куралы же машина механизми. Анын кесүүчү (кескич, бургу, фреза жана башка), басым астында иштетүүчү (штамп жана башка), чарыктоочу (чарыкташ, кайракташ, бүлөө жана башка), усталык (балка, кычкач, өгөө, тешкич жана башка), ченөөчү (штангенциркуль, сызгыч, индикатор, микрометр жана башка), бекитүүчү (кыскыч, бекитүүчү патрон, цанга) жана башка түрлөрү бар. Техника тармактарында ар түрдүү өлчөөлөр, медицина менен ветеринарияда хирургиялык операцияларда колдонулуучу приборлор менен түзүлмөлөр да аспап деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1