Ассенизация —(от фр. assainissement — айыктыру) канализациясы жок калк отурукташкан жайлардан ыпылас таштандыларды атайын транспорт менен ташып чыгаруу жана зыянсыздандыруу чараларынын жыйындысы. Кишинин заңы, заарасы, дааратканаларда жана чарба тиричилигинде пайда болгон жуунду атайын чуңкурларга чогултулуп, айына 2—3 жолу ташылып чыгарылат. Суюк таштандылар чогулуучу чуңкурлар жана даараткана турак жайдан 25 мден кем эмес аралыкта орун алганы талапка ылайык.

Ыпылас таштандыларды ташып чыгаруу атайын Аccенизация машиналары менен жүргүзүлөт. Алар туруучу парк турак жана коомдук жайлардан 300 лден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.Ал эми ташылып чыгарылган ыпылас таштандылар калк отурукташкан жайлардан 1000 мден кем эмес аралыктагы атайын аянтта зыянсыздандырылат. Андай ассенизациянын топурагы сууну жакшы сиңирүүчү (кумдуу топурак) жана жакшы желденген жерде болгону талапка ылайык. Суюк таштандылар жакшы жер семирткич болгондуктан, андай аянтча айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү үчүн да колдонулат.

Бирок ассенизация талаасында помидор, бадыраң, салат, чамгыр жана башка бышырылбай желүүчү жашылчаларды өстүрүүгө болбойт. Анткени суюк таштандылардын составында органикалык жер семирткичтен башка жугуштуу ооруларды пайда кылуучу микробдор жана мите курттардын жумурткалары да бар. Ошондуктан суюк таштандылар айлана-чөйрөнү (топурак, суу, аба) булгап, адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурат. Демек, калк отурукташкан жайларды суюк таштандылардан тазалаганда (чогултканда, ташып чыгарганда) жана зыянсыздандырганда, атайын санитариялык эрежелердин сакталышы зарыл. Ошондуктан ушул тармакта иштеген адамдар медициналык кароодон өтүп, иштөөнүн коопсуздук чараларын үйрөнүп, иш учурунда өздүк тазалыкты жогорку деңгээлге сактоосу өтө маанилүү.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8