Ассимиляция (этнографияда)

Ассимиляция (этнографияда) (латынча аssimilatio - аралашуу, өздөштүрүү) - бир элдин эне тилин, маданиятын, улуттук аң-сезимин жоготуп, экинчи бир элге сиңип кетиши. Бул процесс эки түрдө: табигый жана мажбурлоо жолу менен жүргөн. Табигый ассимиляция калктын түрлүү этностук топторунун арасында узак мезгилге созулган карым-катнаштын негизинде, алардын өзара никеге турушунун жана башка факторлордун натыйжасында жүрөт. Улуттар арасында теңсиздик өкүм сүргөн өлкөлөр ичинде ассимиляция мажбурлоо, зордоо жолу менен ишке ашырылган. Мисалы, Австрия империясында, кийинчерээк Австрия-Венгрияда, Россияда жана башка жерлерде ушундай ассимиляция процесси жүргөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1