Ассоцианизм – ассоциативдик психология, психикалык турмуштун бардык жактарын түшүндүрүүчү башкы принцип катары ассоциация түшүнүгүн эсептеген психологиядагы багыт.

Ассоцианизм адамдын жүрүм-турумуна жана аң-сезимине себептик ыкманы бекемдөөгө умтулат. Ассоцианизмдин негизинде аң-сезимде келип чыгуучу идеалардын ырааттуулугу организмге тийгизген тышкы таасирлердин системасын чагылдырат деген жобо жатат.

Ассоцианизмдин принциптери психологиялык түрдүү изилдөөлөрдүн жаралышына, тагыраак айтканда эсти (механикалык – Г. Эббингауз жана образдуу – Ф. Гальтон), эмоцияларды (Ч. Дарвин), мотивацияларды (З. Фрейд, К. Г. Юнг) иликтөөнүн жаңы методдорун иштеп чыгууга алып келди. Ассоцианизм концепциясы жаңы физиологиялык негизде шарттуу рефлекс жана бихевиоризм окууларына өзгөртүлүп өнүктүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8