Астма — бронхтордун жылчыгынын тарышынан (Бронх астмасы) же жүрөктүн жабыркоосунан (Жүрөк астмасы) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу). Астма капысынан кармайт.

Бронх астмасы майда бронхтордун өткөргүчтүгүнүн бузулушунан (спазма, былжыр челдин шишиги).

Жүрөк астмасы кан айлануунун кичине тегерегинде кандын тез уюп, токтоп калышынан жана бронхтордун рефлекстик спазмасынан болот. Астма кармаганда тезинен медициналык жардам талап кылынат; отургузуу, таза абадан дем алдыруу оорулуунун абалын жеңилдетет. Дарыны врачтын көрсөтмөсү менен гана кабыл алуу керек.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1