Бронх астмасы (байыр.-грек. ἆσθμα — «оор дем алуу, энтигүү») — бронхтордун кысылуусунан, былжыр челинин шишүүсүнөн жана какырык менен бүтөлүп калышынан мезгили менен капысынан дем кыстыктырып кармоочу аллергиялык оору.

Бронх астмасын дарылачу дары-дармектер.

Бронх астманын пайда болушу

түзөтүү

Аны менен кээ бир химиялык жана физикалык факторлорду — аллергенди сезгич кишилер ооруйт. Бронх астмасы инфекциялуу аллергиялык жана инфекциясыз аллергиялык болуп бөлүнөт. Инфекциялуу аллергиялык түрүн бактериялар, вирустар жана башка микробдор пайда кылат. Ал көп учурда дем алуу органдарынын же мурундун кошумча кобулдарынын өнөкөт ооруларынын негизинде болот. Бул ооруларды козгоочу микроорганизмдердин тиричилик аракетинен, алардын ажырашынан, ошондой эле сезгенүү процессинен пайда болгон заттар аллерген болушат. Инфекциясыз бронх астмасын ар кандай аллергендик заттар пайда кылат. Алсак, тамак-аш аллергендери (балык, жумуртка, шоколад, бал, сүт жана башка), чаң аллергендери (ар кандай чөптөрдүн гүл чаңчалары), үй буюм аллергендери (үйдөгү буюмдардын чаңдары, малдын, куштун жүнү), турмуш-тиричилик, химия жана дары-дармек аллергендери (антибиотиктер, кан, плазма, вакциналар) жана башка бронх астмасынын пайда болушуна климат факторлору да таасир берет; оору жаз жана күз мезгилинде, шамал болгондо, аба температурасы кескин өзгөргөндө күчөйт.

Негизги белгилери

түзөтүү

Бронх астмасынын негизги белгиси дем кыстыгуу. Туталак бир нече минутадан бир нече саатка, ал тургай бир нече суткага чейин созулат. Туталактын жеңил түрү көпчүлүк учурда чуркаганда, же катуу корккондо дем алуу бир аз кыйындап, энтигип, жөтөлүп, эң жөнөкөй дарылоонун натыйжасында бат эле басылып калышы мүмкүн. Ал эми оор түрүндө оорулуу адам бир ордунда тура албай алдастап, денеси ысып, тамыры тез-тез согуп жана дем алуусу ылдамдап, энтигүү күчөйт. Өзгөчө оорулуунун дем чыгаруусу өтө кыйындайт да көкүрөгүнөн кышылдаган, чыйылдаган добуш чыгат. Оорулуу дем алуусун жеңилдетүүгө аракет жасап, оңтойлуу абалды издейт. Ошондуктан башын чалкалатып, моюнун бийик созуп отурууга аракет жасайт. Дем чыгаруу өтө кыйындагандыктан бара-бара көкүрөк көңдөйүнө аба толуп, моюн кан тамырлары көөп, оорулуунун эрини, бети көгөрө баштайт. Туталак аяктаганда дем чыгаруу жеңилдеп, жөтөл басаңдайт. Бирок өпкөнүн жана дем алуу жолдорунун калыбына келиши бир топ убакытка созулат. Туталактын алгачкы белгилери билинери менен тезинен догдур чакыруу керек. Дарылоо жана алдын алууда догдурдун көрсөтмөсү менен бронхтордун кысылуусун жоготуучу таблетка, аэрозоль, инъекция түрүндөгү дары заттар колдонулат. Бөлмөнү желдетип, башына бийик жаздык коюп, төшөгүн орундуу салып, горчичник, оңко коюу зарыл. Колун же бутун жылуу сууга салуу сунуш кылынат. Туталакты алдын алууда аны пайда кылуучу аллергенди табуу жана аны четтетүү негизги максат. Бирок аллергенди аныктоо оңой иш эмес, анткени приступту бир эле аллерген эмес, бир нече аллерген пайда кылышы мүмкүн.

Дарылоо

түзөтүү

Бул оору менен ооруган киши үчүн күндөлүк режимди туура сактоо өзгөчө мааниге ээ. Бөлмөдөгү буюмдарды, полду, терезени чаңдатпай суу чүпүрөк менен сүртүү керек. Күнүнө үч-төрт маал, өзгөчө жатар алдында бөлмөнү желдетүү зарыл. Бул бөлмөдө тамеки тартууга тыюу салынат; килем, шырдак сыяктуу артык баш буюмдардын болбогону жакшы. Туура жана сапаттуу тамактануу, этияттык жана акырындык менен денени чыңдоо, таза абада мүмкүн болушунча көп болуу, оорулуу адамга жолукпоо, догдурдун көрсөтмөлөрүн так жана такай аткаруу гана бронх астмасын алдын алууга мүмкүндүк берет. Бронх астмасын санаторий жана курорттук дарылоо кеңири жүргүзүлөт. Бронх астмасы менен ооруган кишиге тоонун таза абасы да пайдалуу деп эсептелет. Көпчүлүк оорулууларга (жүрөк бузула электе, астма күчөп кете электе) дарылоо гимнастикасы жакшы жардам берет. Ал өпкөнүн иштешин жакшыртат; бронхторду какырыктан тазалоого жардам берет; дем алуу булчуңдарын, айрыкча боор этти машыктыруу чоң мааниге ээ. Атайы дем алуу көнүгүүлөрүн, дарылоо физкультурасы боюнча врачтын көрсөтмөсүн үзбөй жасоо жакшы натыйжа берет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8