Астрахань хандыгы - Алтын Ордонун бытырашынын натыйжасында түзүлгөн татарлардын мусулман мамлекети. Борбору - Ажытархан (Астрахань). Эмир Ажы-Черкестин 14-кылымдын 2-жарымында түзүлгөн ээлигинин аймагында калыптанган. Айрым тарыхчылар өз алдынча Астрахань хандыгынын келип чыгышын 1459-60-жылдарга (Ахмед хан менен мамилесин үзгөн Махмуд хандын такка отурушу менен) туура келет деп эсептесе, кээ бирлери 1502-жылдан (Чоң Ордонун Крым ханы Менгли-Гирей тарабынан кыйратылышынан соң) башталат деп карашат. Чыгыш жагы Ногой ордосу менен чектешип, түштүк жагы - Терек, батыш жагы - Кубань, Дон дарыяларына, түндүк жагы Сарай шаарына чейин созулган. Түрк тилинде сүйлөгөн Астрахань хандыгынын калкынын (алчиндер, коңураттар, маңгыттар) негизги кесиби: көчмөн мал чарбачылык, аңчылык, балыкчылык, туз өндүрүү жана дыйканчылык болгон. Астрахань хандыгынын Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзүүнүн борбору болгон. Аны Алтын Ордолук хан Тимур-Кутлугдун тукумдарынын династиясы башкарган. Хандан кийин эле мамлекеттеги экинчи киши болуп, калга (мураскер) саналган. Ак сөөктөр султандар, огландар, бектер, мырзалардан турган. Тышкы саясатта Астрахань хандыгы адегенде Чоң Ордого, андан кийин Ногой Ордосуна жана Крым хандыгына дайыма көз каранды болгон. Андан кутулуу максатында Астрахань хандыгы орус мамлекети менен жакындашып, 1533-жылы союздук келишим түзөт. Каспий деңизине чыгууга, крымдыктар м-н түрктөрдүн кол салууларынан коргонууга кызыккан орус мамлекети 1554-жылы Астрахань хандыгына жортуул жасап, Крым хандыгы тарабынан коюлган Жамгырчы (Ямгурча) ханды кулатып, анын ордуна узак мезгил бою Москвада жашап, падышанын колдоосуна ээ болуп келген Исмаил Дервиш-Алини падыша Иван IV Василъевич өзүнүн вассалы катарында коёт. Анын жанында такай орус кеңешчиси отурган. Бирок, Дервиш-Али Крым хандыгы менен союздаш болууга аракеттенип, ханзаданы чакырат. Астрахан-Крым коалициясынын түзүлүшүнөн чочулаган орус өкмөтү жаңы жортуул уюштуруп, 1556-жылы Астрахань хандыгы Россияга биротоло кошулат.

Астрахань хандыгы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1