Дыйканчылык - маданий өсүмдүктөрдү өстүрүүгө негизделген чарбалык иштердин тиби. Кыргыздарда дыйканчылык байыркы замандардан эле белгилүү. Дыйканчылыктын жогорку маданияты бүгүнкү Кыргызстандын аймагында да өрөөндүү жерлерде ишке ашырылгандыгын археологиялык казуулар, чыгыш жазма булактары тастыктайт. Кыргыздар Энесай доорунда, андан соңку мезгилдерде көчмөн мал чарбачылыгы менен катар дыйканчылык маданиятынын жогорку формасын өнүктүрө алышкан. Хакас-Минусин ойдуңунда, Тувада кыргыздар калтырган сугат системалары, тегирмендер, эгин талаалары ж.б. тарыхый жайлар сакталып калган. Бул дыйканчылык аркылуу кыргыздар эгинге ж.б. маданий өсүмдүктөргө болгон керектөөсүн толук канааттандырышкан. Жер иштетүү, өсүмдүктөрдү багып өстүрүү, түшүм жыйноо ж.б. багытта элдик бай тажрыйба чогулган. Бул тарыхый жайлар азыркы учурда да кыргыз талаалары, кыргыз тегирмендери, кыргыздар курган сугат каналдары, кыргыздар курган жолдор ж.б.у.с. аттар катары белгилүү. Дыйканчылык мал чарбачылык менен бирге мезолит-неолитте, 10-8 миң жыл мурда пайда болгон. Жаратылыш шарттарына байланыштуу дыйканчылыктын ар кандай түрү калыптанган; 1) жаан-чачын жерлерде, жаратылыш шарты мээлүүн өлкөдө жүргүзүлгөн түрү; 2) кургак аймактардагы сугат дыйканчылыгы; 3) нымдуу субтропиктерде жыл бою жүргүзүлүүчү дыйканчылык (2-3 ирет түшүм алган). Дыйканчылыктын формалары Жерди пайдалануунун мүнөзүнө, интенсивдүүлүгүнө, жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана калыбына келтирүү ыкмаларына жараша экстенсивдүү жана интенсивдүү болушу мүмкүн.

Дыйканчылык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү