Астрономиялык обсерватория

Астрономиялык обсерватория(көзөмөлкана) - асман жарык чыгаруучуларын жана андагы кубулуштарды байкоочу жана астрономия боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү илимий мекеме. Ал байкоо жүргүзүүчү аспаптар (телескоп, радиотелескоп) аркылуу байкалган маалыматтарды ылгоочу атайын лабораториялык приборлор (мисалы, электрофотометр жана башка) менен жабдылат. Астрономиялык обсерватория адатта шаардан сырткары, деңиз деңгээлинен бийик жана мүмкүн болушунча экваторго жакын тоолорго курулат. Көпчүлүк астрономиялык обсерватория электромагниттик нурланууну каттоочу аспаптар менен жабдылат, негизги приборлору коргоочу мунарасына жайгаштырылат. Астрономиялык обсерватория Ассирия, Вавилон, Кытай, Египет жана башка мамлекеттерде бир нече миңдеген жылдар мурда эле курулган. Өз учурунда 15-кылымда Улугбек Самаркандда астрономиялык обсерватория куруп, 1018 жылдыздан турган белгилүү каталогун жогорку тактыкта иштеп чыккан. 18-19-кылымда дүйнө боюнча 400дөн ашуун астрономиялык обсерватория түзүлүп, азыр 500гө жетти, анын ичинде Абастумани астрофизикалык обсерваториясы (Боржоми шаары), Гринвич обсерваториясы (Лондон), Крымдагы астрофизикалык обсерватория, Пулков обсерваториясы (Санкт-Петербург) бар.

Астрономиялык обсерватория.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1