Каба Атабеков

Атабеков Каба‎»‎ барагынан багытталды)

Атабеков Каба (1926, Тоңдун ичи, Тоң району – 25-март, 2008, Төрт-Күл айылы, Тоң району, Ысык-Көл областы) – улуу манасчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти.[1]

Атабеков Каба
Манасчы Каба Атабеков атындагы маданият үйү
Төрт-Күл айылындагы манасчы Каба Атабеков атындагы маданият үйү

Биографиясы түзөтүү

Улуу манасчы Каба Атабеков 1926-жылы ноябрь айында Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Тоңдун ичи деген жерде төрөлгөн. 1938-жылы, Каба 12 жашка чыкканда атасы Атабек каза болот. Ал киши баласынын "Манасты"[2] айтуусуна көп шарт түзүп, жардам берген. Ошол жылы Каба Атабеков Сталин орто мектебине окуганы кирет. Эки жылдан кийин жакшы окугандыгы үчүн бир жылда үч классты бүтүрөт. 1944-жылы мектепти эң жакшы деген даража менен аяктап, билимин андан ары Кыргыз педагогикалык институтунда орус тили жана адабияты кафедрасында улантат.

Улуу манасчы 25-март, 2008-жылы Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Төрт-Күл айылында каза болгон.

2014-жылы "Манас: Баатырдык эпос / Каба Атабековдун вариянты боюнча" китеби жарыкка чыккан.

Каба Атабековдун "манасчы" болушу түзөтүү

Каба Атабеков 9 жашка чыккан кезинде уй кайтарып жүрүп, чала-була көзү илинип кетет. Түшүндө жер дүңгүрөп, аттардын туяктары гана көрүнүп, жанына бир аксакал киши келет да, колун сунуп, баланы атына учкаштырып, кирип турган Тоң суусунан өткөзуп коёт. Акырын атынан түшүрүп жатып: "Балам, эми барагой"-деп көздөн кайым болот. Чочуп кетип көзүн ачса, суунун аркы өйүзүндө жаткан экен.   

"Эми өлөм го, тиги карыя киши мени бекер атына учкаштырган жок",-деп коркуп кетет. Ошондон көп өтпөй эле, өзүн кандайдыр бир башкача сезип, күңгүрөнуп эле бир нерсе айткысы келе баштайт. Бир түнү уктап жатса, түшүндө абдан чоң, зоот киши келип: "Тур! Көзүңдү ач! Тээтигини көрдүңбү?"-деп топ атчандарды көрсөтөт. Жоо-жаракчан кылкылдаган калың колду көрүп, Кабанын жүрөгү опкоолжуп чыгат. Анан ал адам: "Тигине, тээтигиндеги туу кармаган Бакай, андан кийинкиси Манас, Чубак, Сыргак, Ажыбай, Мажик"-деп  шашпай тааныштыра баштайт. "Ал эми сол жакта турган кол Коңурбайдыкы. Тиги Нескара, Жолой... Мен Алмамбет[3] болом,-деп акырында өзун тааныштырып жатып,-Азыр эми сен айтасың. Туу ылдый жапырылганда эмнени көрсөң, ошону айт",-дейт. Канча өткөнүн ким билсин, көзүн ачса, энеси баласынын кебетесин көрүп, коркконунан ыйлап отурган экен. Эне байкуш: "Балам жинди болуп калган го"-деп ойлосо керек...

Ошол бойдон үч күн тамак ичпей, көзүн ачпай жатып калат. Бир-эки ай өткөндөн кийин уй кайтарып жүрүп, жашыруун "Манас" айта баштайт. Күндөр өтө берет. Бир күнү эле атасынын агасы үйгө келип Атабекке:"Элди чакырып куран окутуп коёлу",-дейт да, Кабага элди чакыртат. Эч нерседен капары жок бала элдин барын чакырып келет. Тамак желип, дасторкон жыйылганда, атасынын агасы Асанбек: "Уулум, сен "Манас" айтат экенсиң, уялбай бизге да айтып бер",-деп Кабаны ортого отургузуп, кыйнап айттыра баштайт. Сүрдөгөнүнөн эмнени айтаарын билбей, апкаарып турганда, көзүнө кадимкидей Бээжиндин чабышы көрүнөт. Айта баштайт. Отурган эл бата берет. Ошентип, Каба Атабеков элдин батасы менен Манас айта баштайт.

Эң алгач 1940-жылы Фрунзеге (азыркы Бишкекке[4]) олимпиадага улуу манасчылар Саякбай, Ыбырай менен чогу катышып, кызыл китеп утуп алат. Бул кичинекей белек эң биринчи сыйлыгы болгондугу учун анын эң кымбат, унутулгус белеги болуп калган. Ошондо он төрт жаштагы манасчынын айтканын угуп, Саякбай Каралаев:"Манасты" жакшы айтып, элге тааныт. Кийин сен улуу манасчы болосун",-деп батасын берет. Ошентип, Каба Атабеков сыйкырдуу баатыр Алмамбеттин айтканын угуп, төкмөлүк касиети менен акыркы күндөрүнө чейин "Манасты" айтып келген.

Наам жана Сыйлыктары түзөтүү

1995-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл Артисти" деген ардактуу наам ыйгарылган.

Кыргыз Адабияты Энциклопедиялык Окуу Куралында Жер Алган Маалымат түзөтүү

Кыргыз журтчулугуна кадимки чоң манасчы Мамбет Чокморовдун шакирти катары таанымал. Манасчынын эскерүүсүнө караганда атасы элдик ырларды, легенда, жомокторду көп айтчу, ал эми энеси айылдагы мыкты кошокчу, жамакчылардан болуптур.

Чоң манасчы М. Чокморовдун колунда эки жыл тарбияланган. Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтуу манерасы чоң таасир берген. Ш. Азизов менен болгон алакасы, бири-бирине атаандашып, күч сынаша “Манас” айтыша жүргөнү да эки манасчынын тең чыгарманын чыңалышына көмөк болгон. Атабеков оозеки үлгүнү табигый түрдө кабылдап, салттуу поэзияны улантып сактай билген, айта келген манасчы, ошону менен катар китептик үлгүнү да мыкты өздөштүргөн.

Азыркы учурда “Манас” үчилтигин толугу менен кагаз жүзүнө түшүрүүдө. Кол жазмадан болжол менен 64.512 ыр сабы бар.

Ал эми КРУИАнын алтын фондусуна №217 инв. да үч кичине дептер кол жазмасы сакталууда.

Ал “Чоң Казат окуясынан” “Жылкы тийүү” деп аталат. Негизинен Сагымбай Орозбаковдун жана М. Чокморовдун варианттарына жакын.

Колдонулган aдабияттар түзөтүү

  1. http://archive.ec/MbzD#selection-141.1-155.162(жеткиликсиз шилтеме)
  2. https://ky.wikipedia.org/wiki/%22%D0%9C%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D1%81%22_%D1%8D%D0%BF%D0%BE%D1%81%D1%83
  3. https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D0%BB%D0%BC%D0%B0%D0%BC%D0%B1%D0%B5%D1%82
  4. https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%91%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA_(%D1%88%D0%B0%D0%B0%D1%80)