Атавизм (лат. atavus - теги) - белгилүү бир түрдүн организминде эволюция процессинде алыскы тегинин белгилеринин пайда болушу, мисалы, жылкынын үч манжалуулугу, кошумча сүт бездери (полимастия), куйруктуу адам, киши денесинин жүн менен капталышы (гипертрихоз). Организм онтогенезинде атавизм пайда болушу түрдүн эволюциясында ушул гендин (морфогенездик системанын) сакталып калышы менен түшундүрүлөт. Эгер организм туура өөрчүсө бул гендин аракети башка репрессор ген менен басылып турат. Качан репрессор ген бөгөт болуу жөндөмдүүлүгүн жоготкондо атавизм пайда болот.Адам негизинен(топурактан жаратылган)бул маалымат диний жактан алынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1