'''Молдо Кылыч Шамыкан (Шамыркан) уулу''' (1866—1917) — [[Кыргыздар|кыргыздын]] алгачкы жазгыч акындарынын бири. [[Кочкор өрөөнү|Кочкор]] өрөөнүнүн Бугучу деген жеринде төрөлгөн. Кылычтын өз атасы Шамыркан — атактуу баатыр Төрөкелдинин тун уулу.Кылыч беш жашка чыкканда анын атасы Шамыркан дуйнодон кайтат. Ал атасындай жаш кезинен чыйрак, зирек бала болуп чоноёт.
Анын “Зилзала” деп аталган чыгармасы 1911-жылы Казан шаарында араб алфавити менен басылып чыккан. Бул жагдай кыргыз элинин тарыхында басмага жарыланган алгачкы чыгармалардан болгондугун айгинелейт.
''Чыгармалары:'' «Чүй баяны», «Керме тоо», «Канаттуу», «Кол казал», «Кара Кочкор», «Кыз-жигит», «Мал казал», «Жатакчылар», «Чүй канаттуулары».
''Сатиралары:'' «Бүркүттүн тою», «Он жети бий», «Качанак Молдо Сулайман», «Молдо Дүйшө».
''Санаттары:'' «Зар заман», «Азаматтар», «Сапар».
''Кошоктору:'' «Байтайлак» ж.б.
Чыгармалары адам баласынын жүрүм-туруму жөнүндөгү [[Этика|этикалык]] ойлорго, накыл сөздөргө, тарбия-таалим идеяларына бай. «Чүй баяны», «Буудайык» [[Чыгармачылык|чыгармасы]] табиятка каршы баруу адам баласы үчүн [[трагедия]] менен аякташы мүмкүн деген [[философия]]лык ойду билдирип турат. [[Молдо Кылыч|Молдо Кылычтын]] чыгармалары [[Тоталитаризм|тоталитардык]] идеология узак мезгил бою [[Саясий система|саясий]] кодулоодо болуп, «кара сандыкка» жабылган. Анын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары [[Илимий коммунизм|илимий]] эмгек жазган окумуштуу [[Тазабек Саманчин]] «Улутчул», «[[Космополитизм|Космополит]]» катары куугунтукка алынган. Молдо Кылычтын [[Адабий сын|адабий мурастары]] [[Демократия|демократиялык]] жаңылануу жылдарында элге кайрылып келди, апасынын атын билбейбиз.
==Булактар==
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004
|