Кыргыз Википедиясына кошулуу түзөтүү

Арыбаңыз. Кыргызстанга байланыштуу темаларга жигердүү салым кошуп жатканыңызды байкадым. Бирок, ал салымыңыз орус тилдүү Википедиясында. Билгениңиздей, Кыргыз Википедиясынын адам ресурстары жетишсиз, андыктан Википедиябыз аксап турат. Башка тил бөлүмдөргө айына миңдеген адам салым кошо турган болсо, бизде — жүзгө жетпейт (арасынан 1-3 туруктуу салым кошушат). Кыргыз тилдүүлөр эне тилинде сапаттуу маалымат алалбай жүрүшөт. Бул теңсиздикке, апатияга, кыргыз тилдин жоголушуна алып келүүдө.
Мен да өз учурунда (2018–2021) орус тилдүү Википедиясына жигердүү катышкам. Бирок, Баткендеги белгилүү окуялардан кийин түшүнүк келди: ушундай учурда эне тилибизде керек боло турган маалыматтын жоктугу. Аймактардагы калк маалыматты кыргыз тилинде алышат. Эң боорду оруткан — канчаган кыргыз тилдүү мектептерибиз тийиштүү деңгээлде, заманбап, сапаттуу китептер менен камсыздалбагыны. Мунун баары бара бар кыргыз тилдин жоголушуна же өтө төмөн социалдык ролуна (маргиналдашуу) алып келет.
2018-жылдын 2-февралы — «Кыргызстан» макаласын алгачкы жолу түзөткөн учурундагы абалы. Ал учурда башкы беттен баштап баары өтө эле начар абалда эле. Азыркы абал менен, азыркы аракеттер менен салыштыргыс. Дагы бир нече жолу түзөтүп, башка викиге өткөм.

2021-жылы Кыргыз Википедиясында (ал учурда дагы эле Уикипедия) туруктуу иштейм дегенде абалы кескин өзгөргөн жок. Орус тилдүү Википедиясына жазганымды кайрадан киргизүү оңой эмес болду (дагы эле баарын киргизе ала элекмин). Интерфейс жагынан да көйгөйлөр болду, ошол эле булакты сыпаттоо (авторлугун, жарыяланган жылын ж.б. белгилөө) үчүн башында башка викиден даяр вики текстти (булакты түзөтүү режими) көчүрүш керек болчу. «Кыргызстан» макаласынын 2021-ж. 7-мартындагы абалы.

Азыркы учурда Телеграмда тобубуз бар, туруктуу жамаат түзүлө баштады. Жамаатыбызга кошулсаңыз жакшы болмок. Эми макалалардын сапатына талаптар жогорулады. Аз-аздан кыргызча жазганы көнүп каласыз. Көп түкүрсө — көл болот. Bosogo (баарлашуу) 09:14, 6 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Уа Алейкума Салам, кеч жооп бергеним үчүн кечиресиз, мен телеграмдагы группага кошулгум келип жатат Caggon (баарлашуу) 10:50, 10 сентябрь 2023 (UTC)Жооп берүү

Сиздин добушуңуз керек түзөтүү

Арыбаңыз! Урматтуу Caggon. Мен Кыргыз Википедиясындагы Bosogo’нун администраторлугунан кетирүүгө сизди чакырып жатам. Bosogo бир нече жолу өзүнүн жагдайы менен колдонуп, башка колдонуучуларга жол бербей. 3200 макаланы жок кылып (Өзүнүн чечүүсү боюнча) Жана ага каршы чыккандарга бөгөт койгондугуна себеп койдум.

Шайлоо бул жерде өтүп жатат. HOMIEZAVR (баарлашуу) 18:56, 16 март 2024 (UTC)Жооп берүү