Тамактануу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|right|250px|Кафедеги түшкү тамак '''Тамактануу''' — организмдин тиричиликти, ..."
 
23-сап:
[[Суу]] организмде энергия берүүчү заттарга кирбейт, бирок суусуз жашоого мүмкүн эмес. Чоң киши суткасына орто эсеп менен 2,5 лдей суу талап кылат. Организмге тамак-аш менен келген жана жөн ичилген суунун өлчөмү климаттык шартка жана эмгектин түрүнө жараша өзгөрүлүп турат ([[Суусун режими]]).
== Витаминдер ==
[[Файл:Тамак-аш даярдоо.jpg|left|thumb|Тамак-аш даярдоо]]
[[Витаминдер]] тамак-аш рационунун зарыл жана алмаштырылгыс бөлүгү болуп саналат. Алар организмдин нормалдуу жашоосун камсыз кылат; башка азык заттарды сиңирүү процессине катышат, организмдин тышкы ар кандай терс таасирлерге туруктуулугун арттырат, адамдын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Тамак-ашта витаминди сактоо үчүн аны туура даярдоо зарыл ([[Тамак-аш даярдоо]]).
 
== Тамак сиңирүү ==
[[Тамак сиңирүү]] азыктын түрүнө жана түрдүүлөп тамактанууга жараша болот. Малдан алынган азыктар жакшы сиңет, алар организмди белок менен камсыз кылат. Түрдүүлөп тамактануу пайдалуу, бир түрлүү тамакты иче берүү адамды тажатат, жакшы сиңбейт. Эт, нан, акшакты жегенде андагы белоктордун орто эсеп менен 75%и сиңет, эгер ага жашылча кошуп жесе 85—90%ин сиңирүүгө болот. Тамакты жакшы, туура бышырып, майдалап жегенден да анын сиңимдүүлүгү артат. 4 маал, бир мезгилде тамактануу пайдалуу. Мында тамак сиңирүү органдарына көп күч келбейт. Дайыма бир мезгилде тамактануудан рефлекс пайда болуп, карын маңызы жетишерлик бөлүнүп чыгат. Төрт маал тамактанууну ар ким өз күн тартибине карата түзүп ала алат, бирок кечкисин уктардан 2—3 саат мурда тамактануу керек. Тамак жакшы сиңүү үчүн анын температурасына да көңүл буруу зарыл, ысык тамак 50—60°тан ашпоого, муздак тамак 10°тан төмөн болбоого тийиш.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Тамактануу" булагынан алынды