Компьютердик сабаттулук: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Namir moved page КОМПЬЮТЕРДИК БИЛИМДҮҮЛҮК to Компьютердик сабаттулук |
No edit summary |
||
1-сап:
'''Компьютердик сабаттуулук''' ({{lang-en|Computer literacy}}) - [[компьютер]] жана ага байланышкан технологияларды билүү жана аларды эффективдүү колдоно алууну билдирет. Б.а. жеке компьютерде иштөө жөнүндөгү минималдык билимге жана тажрыйбага ээ болуу. К.с. өзүнүн ичине башталгыч программалоону жана татаал маселелерди чечүүнү камтышы мүмкүн. К.с. ошондой эле [[Компьютердик програм|компьютердик програмдарды]] жана компьютер менен байланышкан тиркемелерди колдонуунун кайсы бир деңгээлине (мисалы, башталгыч) да тиешелүү. Азыркы учурда адамдардын компьютерди, өзгөчө жеке компьютерди колдоно билүүсү коомдогу жана бизнестеги жетишкендиктердин негизин түзөрү белгилүү.
Компьютердик сабаттуулук колдонуучунун деңгээлине карай ар түрдүү түшүндүрүлөт. Мисалы жөнөкөй колдонуучу үчүн төмөнкү базалык билим жетиштүү саналат:
* [[компьютер|компьютерди]] өчүрүп жандыруу;
* [[чычкан|чычканды]] башкара билүү;
* компьютердин [[Баскычтоп|клавиатурасын]] колдонуу;
* өзү колдонгон [[Иштетүү системи|иштетүү системиндеги]] терезелер менен иштей алуу, мисалы "ачуу", "жабуу", "түрүү сыяктуу;
* [[файлдык система]] менен түшүнүшүү, мисалы, файлдарды "көчүрүү", "ордун которуу", "өчүрүү" дегендей;
* [[Текст редактору|текст редакторлорунда]] жазганды жана мурда жазылган тексттерди оңдоп-түзөөнү билүү;
* жактырган музыкаларын, фильмдерин жана сүрөттөрүн көрүү же угуу;
* [[Браузер|браузердин]] жардамында [[интернет|интернетке]] чыгып, анда каалаган сайттарды кыдыруу менен биргеликте өзүнө керек болгон кээ бир маалыматтарды компьютерине жүктөй алуу;
* [[Компьютердик програм|компьютердик програмды]] орнотуу жөнүндөгү базалык билимге ээ болуу, көпчүлүк програмдарды [[Орнотуу (програмдык камсыздоо)|орнотуу]] үчүн толук жетиштүү болот.
Кошумча билимге төмөнкүлөрдү мисал келтирсек болот:
* [[программалоо]];
* маалымат коопсуздугунун маселелери;
* компьютерди илимий изилдөө иштеринде пайдалануу;
* [[програмдык жабдуу|програмдык жабдыктардын]] келишпестигин түзөө;
* компьютердик техникаларды оңдоо.
==Колдонулган булак==
* У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.
Line 15 ⟶ 30:
[[Category:Интернет]]
[[Category:Программалоо]]
[[Category:
[[cs:Počítačová gramotnost]]
[[fr:Alphabétisme informatique]]
[[ko:컴퓨터 소양]]
[[hu:Információs írástudás]]
[[ml:കമ്പ്യൂട്ടർ സാക്ഷരത]]
[[ja:コンピュータ・リテラシー]]
[[no:Grunnleggende digitale ferdigheter]]
[[pt:Alfabetização digital]]
[[si:පරිගණක සාක්ෂරතාව]]
[[uk:Комп'ютерна грамотність]]
[[zh:计算机文化]]
|