Медайым: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Медициналык сестраМедайым''' — орто медициналык билими бар адис; врачтын жетекчилигинде иштейт. Ооруканада иштеген медициналык сестра. оорулуулардын абалына көз салат, врач дайындаган дарылоо процедураларын аткарат, бөлүмдөгү жана палатадагы санитария-гигиеналык шартты текшерет. Палаталык медициналык сестра. старший медициналык сестранын жетекчилиги менен врачтын көрсөтмөлөрүн аткарат, дарыларды жаздырып алат, оорулууларды кабыл алуу жана ооруканадан чыгаруу иштерин жүргүзөт, документтерин даярдайт, оорулуулардын тамак-ашын текшерет. Поликлиникада иштеген медициналык сестра. оорулууларды кабыл алууда врачка жардам берет, аларга белгиленген медициналык процедураларды үйүндө же поликлиникада жасайт, калк арасында санитариялык агартуу иштерин жүргүзөт. Алардын иши өтө жооптуу, медициналык сестра. врачтын көрсөтмөсүн канчалык так, тыкан аткарса, дарылоо ошончолук натыйжалуу болот. Медициналык сестраларды медициналык окуу жайлар даярдайт.
 
== Колдонулган адабият ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Медайым" булагынан алынды