Медайым — орто медициналык билими бар адис; дарыгердин жетекчилигинде иштейт. Ооруканада иштеген медайым оорулуулардын абалына көз салат, дарыгер дайындаган дарылоо процедураларын аткарат, бөлүмдөгү жана палатадагы санитария-гигиеналык шартты текшерет. Палаталык медайым улуу медайымдын жетекчилиги менен дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткарат, дарыларды жаздырып алат, оорулууларды кабыл алуу жана ооруканадан чыгаруу иштерин жүргүзөт, документтерин даярдайт, оорулуулардын тамак-ашын текшерет. Поликлиникада иштеген медайым оорулууларды кабыл алууда дарыгерге жардам берет, аларга белгиленген медициналык процедураларды үйүндө же поликлиникада жасайт, калк арасында санитариялык агартуу иштерин жүргүзөт. Алардын иши өтө жооптуу, медайым дарыгердин көрсөтмөсүн канчалык так, тыкан аткарса, дарылоо ошончолук натыйжалуу болот. Медайымдарды медициналык окуу жайлар даярдайт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8