Кальций: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
No edit summary
1-сап:
'''Кальций '''(лат. Calcium),– [[Менделеев, Дмитрий Иванович|Д.И.Менделеев]] мезгилдик системасы IIА группа элементи; к.н. 20, ат. массаы 40,08; ат. радиусу 1,97, иондук радиусу 1,04; тыгызд. 1,54 ''г''/''см3'' ; эрүү темп-расы 851 оС; кайноо темп-расы 1492оС. Жаратылышта К. туруктуу 6 изотобу бар: 40Са (96,97 %), 44Са (2,09 %), 42Са (0,667 %), 48Са (0,184 %), 43Са (0,135 %) жана 46Са (0,003 %). К. табигый бирикмелери: СаСО3 – арагонит, CaMg(CO3)2 – доломит, CaF2 - флюорит, CaSO4×2H2O - гипс; Са3(РО4)2 – фосфорит жана 3Са3(РО4)2 Са(F,Cl2)2 - аппатит ж.б. К. - күмүш сымал ак, жеңил металл. Металл түрүндөгү К. 1-жолу 1808-ж. Г.Дэви алган. Жер кыртышында (массасы б-ча) 2,96 %ти ээлеп, O, Si, Al, Fe кийинки 5-орунда турат. К. ысытканда бардык металлды алардын оксидинен, сульфидинен жана галогенидинен сүрүп чыгарат. Кадимки темп-рада К. кычкылтек менен реакцияга оңой кирип, СаО пайда кылат, СаО сууда эрип, күчтүү негизди Са(ОН)2 берет. К. бардык к-талар менен реакцияга оңой кирип, суутекти сүрүп чыгарат. Галогендер менен аракеттенип тиешелүү туздарды, кургак суутек менен аракеттенип гидриддерди, графит менен кошуп ысытканда карбидди пайда кылат. К. эритилген СаСl2дин электролиздөөдөн жана алюминотермиялык ыкма менен алынат:
 
6CaO + 4 Al = 2Al2O3 + 6Ca
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кальций" булагынан алынды