АКБОТОАк БИЙбото, А к б о т оАкбото Рахимбий у у л ууулу (болжолу 17-к-дын аягы – 18-к-дын 30-ж-нын ортосунда жашаган) – саясий ишмер; [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгынын]] Хожент вилайетин бийлеген. Кыргыздын саруу уруусунун кырк уругунан. Тарыхый маалыматтар б-ча ал [[Бухара]] ханы Убайдулланын (1702–11-ж. башкарган) ишеничине ээ болуп, [[Фергана]] өрөөнүнүн түштүк-чыгышындагы Хоженттин аймагын калмак баскынчыларынан коргоочу кошуундун башчылыгына дайындалган. Бул аймакта А.б-динАк бото саясий аброю өскөндүктөн, [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгынын]] негиздөөчүсү Шахрух бийдин кызына үйлөнүп, өзүнүн кызын анын уулу Абд ар-Рахим бийге турмушка берип, Коконду башкарган Миң династиясы м-н кайчы куда болгон. Хожентти башкарууну Абд ар-Рахим бийге тапшырган. Бул аягында күйөө бала м-н кайын атанын ортосундагы ачык тирешүүгө алып келген. Эрегиште Рахим бий кайын атасын өлтүрүп, Хожентке өзүнүн иниси Абд ал-Карим бийди дайындаган.<bk/>