Айран: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
(Айырма жок)

23 декабрь 2012, саат 15:39 учурдагы нуска

Айран - сүттөн уютулуп жасалган кыргыздын эзелтеден келе жаткан тамагы. Бышырган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уютку (айран) салып, идиштин бетин жаап, жылуулап ороп, жарым күндөй (аба-ырайынын шартына, абанын даражасына ылайык 6-8 саат) коюшат. Айран байыртадан көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенген элдердин негизги тамагы болгон. Бул тууралуу жазма маалыматтарда да чагылдырылат. Андан сүзмө, ал эми сүзмөдөн курут жасалат. Айран сорпого кошулса - ак серке жана ала дөң, сууга кошулса - чалап, талкан кошулса аш айран деп аталары маалым.

Колдонулган адабияттар