Кумайык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-"Манас" энциклопедиясы/ +"Манас" энциклопедиясы/)
No edit summary
1-сап:
{{Атактуу жаныбар
'''Кумайык''' — [[Манас баатыр|Манастын]] алгыр тайганы, кийин мурас катары Семетейге калат. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Көк жору тууган көзү ачыла элек кызыл эт күчүктү [[Манас баатыр|Манас]] Медияндын чөлүндөгү'' [[Кум-Булак|Кум-Булактын]] ''боюндагы кумайдан кайыбынан таап алат. К-ты «сыңар күнөө кылбаган зайып багат», — деп угуп Букардын каны Темиркандын кызы Каныкейге куда түшүп: «Кумайык багып сен берсең, Азарым анык салармын. Кол жеткен жердин баарына Каныш кылып алармын, Артылып камчы чаппасмын, Айкалтып күнү албасмын. Бенделигим билгизбейм, Бек сөзү сага тийгизбейм», — дейт. Каныкей «Күндүзүндө тынч албай, Түн ичинде уйку албай, Оозу менен сүт берип, Колу менен эт берип, Кырк кез ордун түбүнө багат» ([[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаев]], 1. 146 —148). [[Багыш Сазанов|Багыш Сазановдун]] вариантында [[Алмамбет]] дүрбү салып туулган жеримден кабар алам деп Кум-Чокунун башына Сарала аты менен чыгып барып, Көк жору тууп таштаган К-ты таап алып, кан баласы Каныкейге алып келип берет. Ал «Туу байталдын казысын туурап салдырып, жети жыл жер алдында багат» (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 1258—59-б.). К-тын табылышы башка варианттарда да аталган манасчылардыкына жакын сүрөттөлөт. Бардык варианттарда К. баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир жан күйөр, сыйкырдуу жаныбары катары сүрөттөлөт. [[Манас баатыр|Манас]] өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле К. мөгдөп, аза күтөт, анын касташ туугандары Абыке, Көбөшкө кызмат кылыштан моюн толгойт. [[Семетей]] Букардан [[Талас|Таласка]] алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат, ал Кыяс колдуу жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп, эч кимди жолотпойт. Кийин Семетей, Бакай, Айчүрөк, Күлчоро кайып болуп, дүйнө кезип кеткенде, касиеттүү жаныбар катары кайып болот. Түрк элдеринде (кыргыз, казак, түркмөн, хакас жана башкалар) К. жөнүндөгү легенда кеңири тараган. Ал элдик оозеки чыгармаларда оң каармандардын жакын жардамчысынан. Бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбар. Бул жаныбар ушул эле ат менен Кавказдагы жана башка элдерде да учурайт. Демек, анын образы алгач бир негизден таралган. Иран элдеринин эң байыркы дин китеби «Ригведе» жерге касиеттүү өсүмдүк хоманын уругун алып келип таштаган Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Элдик түшүнүктө ал бийик тоонун башында жашаган жору мисалдаш куш (кыргыз уламыштарында К. жорунун жумурткасынан чыгып, аны жети күнгө чейин таап алса кыраан итке, андан кечиксе жоруга айланат). [[«Манас» эпосу|«Манаста»]] да кээде К. деген куш болгон делип айтылат (Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв„ 1258-б.). Иран элдеринин түшүнүгүндө жана көркөм адабияттарында Хомайдын көлөкөсү түшкөн адам падыша болору айтылат. Кийинчерек Хомай ушул эле иран элдеринин мифиндеги өзүнө жакын турган образ Симург («Авесте» Сенмуров) куштун да ролун аткарат. Симург ит жана куштун кейпиндеги жакшылык кылуучу аргын жаныбар. Ал кийинчерек ит менен кушган турган жакшылык кылуучу образын Хомайга өткөрүү менен каардуу ажыдаардын элесине айланат. Аты жана образынын көп белгилери жакын болгондуктан түрк элдериндеги К-тын образы байыркы иран элдериндеги ушул Хомайдын Симург менен биригишкен образынан маданий таасир катары кабыл алынган деп айтууга негиз бар. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Хомайдын образы бир кыйла эволюциялашкан. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту Акшумкарга (к. ''[[Акшумкар|Акшумкар),]] ''иттик атрибуту К-ка айланган. Экөө башта бир образ болгондуктан [[«Манас» эпосу|«Манаста»]] экөө дайыма катар коюлуп, ажыратылбай бир учурда эскерилет. К. жөнүндөгү аңыз сөздөр кыргыздын башка оозеки чыгармаларында да кеңири кезигет. Мисалы, «Көбөк кан» деген уламышта кырк уруу түрк журтунун башчысы Көбөк кан аңчылыкта жүрүп, күчүк таап алып, карындашы Карлыгачка бакканга берет. Карлыгач оозу менен сүт берип, колу менен эт берип, жыл маалы үйдөн чыгарбай багат, күчүккө К. деп ат коёт. К. чоңойгондо жер үстүндөгү аңдарга тынчтык бербегенде Ак бугу мелдешке чакырып көзгө сүзүп өлтүрөт (Кол жазмалар фондусу, 106-инв., 59-б.). Мифологиялык планда баяндалган бул уламыш «Скиф — Сибирь аңчылык стили» деп аталган археологиялык байыркы эстеликтерде эң кеңири тараган, укмуштуу жырткыч жаныбар менен шаа мүйүз бугунун күрөшү чагылдырылган сценаны толук эске түшүрөт. Буга караганда К-тын образы кыргыздардын байыркы мекени Сибирде биздин эрадан алда канча мурун пайда болгон.
|Ысымы = Кумайык
|Сүрөт =
|Сүрөттүн аталышы =
|Расмий ысымы =
|Төрөлгөндөгү ысымы =
|Башка ысымдары =
|Түрү = Ит
|Тукум = Тайган
|Жынысы = Эркек
|Туулган датасы =
|Туулган жери = Медиян чөлү, Кум Булак
|Каза болгон датасы = Кайып болгон
|Каза болгон жери =
|Көмүлгөн жери =
|Өлкө =
|Жумуш түрү = Манастын алгыр тайганы
|Активдүү жылдары =
|Кожоюн = [[Манас баатыр|Манас]]
|Сыйлыктары =
|Түсү =
|imdb_id =
|Сайт =
}}
 
'''Кумайык''' — [[Манас баатыр|Манастын]] алгыр тайганы, кийин мурас катары [[Семетей|Семетейге]] калат. [[Саякбай Каралаев|Саякбай Каралаевдин]] варианты боюнча, [[Көк жору]] тууган көзү ачыла элек кызыл эт күчүктү [[Манас баатыр|Манас]] [[Медиян чөлү|Медияндын чөлүндөгү]]'' [[Кум-Булак|Кум-Булактын]] ''боюндагы кумайдан кайыбынан таап алат.
 
Кумайыкы «сыңар күнөө кылбаган зайып багат», — деп угуп Букардын каны [[Темиркан|Темиркандын]] кызы [[Каныкей|Каныкейге]] куда түшүп:
«Кумайык багып сен берсең, Азарым анык салармын. Кол жеткен жердин баарына Каныш кылып алармын, Артылып камчы чаппасмын, Айкалтып күнү албасмын. Бенделигим билгизбейм, Бек сөзү сага тийгизбейм», — дейт.
 
Каныкей «Күндүзүндө тынч албай, Түн ичинде уйку албай, Оозу менен сүт берип, Колу менен эт берип, Кырк кез ордун түбүнө багат» ''([[Каралаев, Саякбай|Саякбай Каралаев]], 1. 146 —148)''.
 
== Табылышы==
[[Багыш Сазанов|Багыш Сазановдун]] вариантында [[Алмамбет]] дүрбү салып туулган жеримден кабар алам деп Кум-Чокунун башына [[Сарала ат|Сарала аты]] менен чыгып барып, Көк жору тууп таштаган Кумайыкты таап алып, кан баласы Каныкейге алып келип берет. Ал «Туу байталдын казысын туурап салдырып, жети жыл жер алдында багат» ''(Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв., 1258—59-б.)''.
 
Кумайыктын табылышы башка варианттарда да аталган манасчылардыкына жакын сүрөттөлөт.
 
== Сүрөттөлүшү ==
Бардык варианттарда Кумайык баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир жан күйөр, сыйкырдуу жаныбары катары сүрөттөлөт.
 
[[Манас баатыр|Манас]] өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле Кумайык мөгдөп, аза күтөт, анын касташ туугандары Абыке, Көбөшкө кызмат кылыштан моюн толгойт.
 
[[Семетей]] Букардан [[Талас|Таласка]] алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат, ал Кыяс колдуу жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп, эч кимди жолотпойт. Кийин Семетей, Бакай, Айчүрөк, Күлчоро кайып болуп, дүйнө кезип кеткенде, касиеттүү жаныбар катары кайып болот.
 
=== Башка элдерде ===
Түрк элдеринде (кыргыз, казак, түркмөн, хакас жана башкалар) Кумайык жөнүндөгү легенда кеңири тараган. Ал элдик оозеки чыгармаларда оң каармандардын жакын жардамчысынан. Бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбар. Бул жаныбар ушул эле ат менен Кавказдагы жана башка элдерде да учурайт. Демек, анын образы алгач бир негизден таралган.
 
Иран элдеринин эң байыркы дин китеби «Ригведе» жерге касиеттүү өсүмдүк хоманын уругун алып келип таштаган Хомай деген ыйык куштун образы жолугат. Элдик түшүнүктө ал бийик тоонун башында жашаган жору мисалдаш куш (кыргыз уламыштарында Кумайык жорунун жумурткасынан чыгып, аны жети күнгө чейин таап алса кыраан итке, андан кечиксе жоруга айланат). [[«Манас» эпосу|«Манаста»]] да кээде Кумайык деген куш болгон делип айтылат ''(Багыш Сазановдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 579-инв„ 1258-б.)''.
 
Иран элдеринин түшүнүгүндө жана көркөм адабияттарында Хомайдын көлөкөсү түшкөн адам падыша болору айтылат. Кийинчерек Хомай ушул эле иран элдеринин мифиндеги өзүнө жакын турган образ Симург («Авесте» Сенмуров) куштун да ролун аткарат. Симург ит жана куштун кейпиндеги жакшылык кылуучу аргын жаныбар. Ал кийинчерек ит менен кушган турган жакшылык кылуучу образын Хомайга өткөрүү менен каардуу ажыдаардын элесине айланат. Аты жана образынын көп белгилери жакын болгондуктан түрк элдериндеги Кумайык тын образы байыркы иран элдериндеги ушул Хомайдын Симург менен биригишкен образынан маданий таасир катары кабыл алынган деп айтууга негиз бар. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгында Хомайдын образы бир кыйла эволюциялашкан. Анын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган, куштун атрибуту Акшумкарга (к. ''[[Акшумкар|Акшумкар),]] ''иттик атрибуту Кумайыкка айланган. Экөө башта бир образ болгондуктан [[«Манас» эпосу|«Манаста»]] экөө дайыма катар коюлуп, ажыратылбай бир учурда эскерилет.
 
== Кыргыз оозеки чыгармаларында ==
Кумайык жөнүндөгү аңыз сөздөр кыргыздын башка оозеки чыгармаларында да кеңири кезигет. Мисалы, «Көбөк кан» деген уламышта кырк уруу түрк журтунун башчысы Көбөк кан аңчылыкта жүрүп, күчүк таап алып, карындашы Карлыгачка бакканга берет. Карлыгач оозу менен сүт берип, колу менен эт берип, жыл маалы үйдөн чыгарбай багат, күчүккө Кумайык деп ат коёт. Кумайык чоңойгондо жер үстүндөгү аңдарга тынчтык бербегенде Ак бугу мелдешке чакырып көзгө сүзүп өлтүрөт ''(Кол жазмалар фондусу, 106-инв., 59-б.)''.
 
Мифологиялык планда баяндалган бул уламыш «Скиф — Сибирь аңчылык стили» деп аталган археологиялык байыркы эстеликтерде эң кеңири тараган, укмуштуу жырткыч жаныбар менен шаа мүйүз бугунун күрөшү чагылдырылган сценаны толук эске түшүрөт. Буга караганда К-тын образы кыргыздардын байыркы мекени Сибирде биздин эрадан алда канча мурун пайда болгон.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кумайык" булагынан алынды